Нур-Султан тууралуу даректүү көргөзмө

Өлкөнүн башкы шаарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхын чагылдырган 100 уникалдуу экспонат Казакстандын Улуттук архивинде көргөзмөгө коюлду. Бул иш-чара шаар күнүн майрамдоонун алкагында өтүүдө. Экспонаттардын катарында архив документтери гана эмес, улуттук деңгээлдеги кол жазмалар менен сейрек кездешүүчү китептер, фото хроникалар, фонддун баалуу тарыхый чыгармалары да бар. Адистердин айтымында ар бир үлгү Нур-Султандын бай тарыхын чагылдырып турат. Ошондой эле, борборду Алматыдан Акмолого көчүрүүгө байланыштуу окуялардын хроникасын көрсөтөт жана акыркы жылдары республиканын баш калаасында өткөрүлгөн эң маанилүү эл аралык иш-чаралар тууралуу баяндайт.

ЖАНГЕЛЬДЫ МАХАШОВ, Р КНЫН УЛУТТУК АРХИВИНИН МҮДҮРҮ:

- Биздин борборубузда өткөн бардык иш-чаралардын документтери бар - бул ЕККУ, ШКУ, ЕАЭБ. Бизде өткөрүлгөн иш-чаралардын баарын биз көргөзмөдө чагылдырабыз. Бидин Казакстандын борборунун аркасы менен эл аралык масштабдуу ири иш-чаралар өтө турганын дүйнө жүзү билет алат. Биз азыр шаар меймандары, жаштар үчүн ачыкпыз.

Белгилей кетсек, шаар тургундары менен меймандары көргөзмөдөгү эксклюзивдүү материалдар менен теке айынын аягына чейин тааныша алат.

Фото: ulttykarhiv.kz