“Улуттук домбра” күнү экинчи жолу белгиленет

«Домбра – улутубуздун бренди менен паспорту, эч кимге окшобогон кайталангыс келбети». Бул сөздөр биринчи президент Нурсултан Назарбаевге таандык. Атап айтканда, ал өлкөдө улуттук домбра күнүн негиздеген. Быйылкы жылы майрам экинчи жолу белгиленет.

НАРИМА МУХАМБЕТАЛИНА, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ  БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Улуттук домбра күнү 2018-жылы негизделген. Биз аны зор масштабда өткөргөнбүз,  андыктан бул жаатта бизде тажрыйбабыз бар. Бул жылы да масштабдуу иш-чара аянттагы Казак Эли монументинде өтөт. Концертке даярдыктар кызуу жүрүп жатат.

«Домбра күнү» казакстандыктардын жүрөгүнөн түнөк таап, өлкөдө зор масштабда майрамдалат. Быйылкы жылы да Нур-Султандын тургундары менен меймандары өткөн жылдагыдай чоң концертке күбө болууну  күтүүдө. Катышуучулар бир жумадан кем эмес даярданышты. Өлкөнүн башкы аянтында 600дөн ашык домбрачы белгилүү композицияларды аткарышат.

АЙТКАЛИ ЖАЙЫМОВ, ДИРИЖЁР:

- Домбранын өзүнүн мааракеси пайда болгон кезден баштап аспаптын имиджи өстү. Албетте мурда деле концерт сынактар абдан көп өткөрүлүп келген. Азыр андан бетер. Домбра – бул бир гана музыкалык аспап эмес, казактардын ыйык мурасы болуп саналат.

Өткөн жылы Улуттук домбра күнүн бирдиктүү оркестр менен 2000ден ашык музыкант ойногон. Анда казак талаасынын эң белгилүү күүлөрү чертилген.

АЙТКАЛИ ЖАЙЫМОВ, ДИРИЖЁР:

- Бул жылы Нур-Султанда шаар оркестрлери менен ансамблдери эле аткарышат. Албетте аймактар дагы майрамдоого кошулат. Ал жакта дагы массалык иш-чаралар болот.

Эске сала кетсек, 2018-жылдан баштап Казакстандын Биринчи Президентинин Жарлыгы менен улуттук домбра күнү жыл сайын теке айынын алгачкы жекшембисинде белгиленет. Майрам улуттук маданиятты сактоо жана жайылтууга багытталган.

Фото: Хабар 24