Борбордун кинодогу көрүнүшү

Дүйнө жүзүнө Казакстандын борбору катары таанылган жаш шаар Нур-Султандын кооз көрүнүшү жыл өткөн сайын руханий баалуулуктардын булагы катары көркөм өнөр чыгармаларынын жарык көрүнүшүнө себепчи болууда. Борбор тууралуу обон да, ыр да, толук метраждуу тасмалар да жарыкка чыкты. Башкы шаардын кооздугун байкап, баа берүүчүлөрдүн саны күн өткөн сайын өсүүдө.

ДМИТРИЙ ДЮЖЕВ, АКТЁР /ОРУСИЯ/:

- Мен үчүн бул шаар өзгөчө, көз жоосун алган өнөр чыгармасы болуп саналат. Кең талаанын үстүндө укмуштуудай шартта даяр кооз шаарды алып келип орнотуп койгондой туюлат. Учак конуп баштаган кезде мен терезеден карап, чеги жок кең талааны көрдүм, ортосунан айсберг сымал жаркырап турган шаарды көрдүм. Бул шаар келечектин шаары. Ошондуктан эгер сен мында болбосоң, аны такыр элестете албайсың.

Келечектин шаары деп бир гана шаардын коноктору гана эмес, белгилүү ата мекендик режиссёрлор да эсептешет. Ал эми белгилүү Аскар Бисембин борбордо толук метраждуу тасма тартууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар дейт.

АСКАР БИСЕМБИН, РЕЖИССЁР:

- Мага биздин борборубуз кандай өнүгүп келе жаткандыгы жагат. Биз сыяктуу режиссёрлор үчүн жаңы локациялар, жаңы орундардын болгону маанилүү. Ал эми, бул жерде андай жерлер көп. Тасма тартууга ылайыктуу шаар деп эсептейм. Белгилей кетсем, тарттуу иштери боюнча  буга чейин аракеттер жүргүзүлгөн. Биз досторубуз менен ушул тема тууралуу сүйлөшкөнбүз. Бирок ал убакытта биздин тартуу иштерине дароо киришип кетүүбүзгө шарт болгон эмес.

Режиссёрдун айтымында, борбор калаада биринчи кезекте адамдарга адамдар тууралуу айтып берүүнү каалайт. Алардын карым-катнашы, жолугушуулар, жаңы таанышуулар тууралуу.

АСКАР БИСЕМБИН, РЕЖИССЁР:

- Менимче, биздин борборубуз жаш шаар болгондуктан бул жер, бул чөйрө жаңы жолугушуулардын чордону. Биздин борборубуз Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкандан кийин бул жерди кездешүүлөрдүн шаары, жаңы мамилелердин калаасы деп атоого болот. Жаштардын гана эмес, улуу муун өкүлдөрүнүн ортосундагы карым-катнаш, жаңы таанышуулар. Бул абдан кызыктуу. Албетте, бул менин оюма келген алгачкы идея.

Жыл өткөн сайын жаш борбор өнүгүп келет. Ал эми анын кооздугу менен сулуулугун дагы көптөгөн режиссёрлор таанытары талашсыз.

Фото: journal.tinkoff.ru