Парижде казакстандык жаш дизайнерлердин топтомосу көрсөтүлдү

Парижде мода жумалыгы башталды. Анын алкагында казакстандык жаш дизайнерлер «Oriental Fashion Show»го катышты. Чыгыш өлкөлөрүнүн модельерлеринин башын бириктирген иш-чарага казакстандык дизайнерлер ар дайым катышып келишет. Бул жолку жумалыкта уюштуруучулар келечектүү жаңы модельерлердин ысымдарын көпчүлүккө тааныштырды.

ХИНД ЖУДАР, ORIENTAL FASHION SHOWНУН  НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Казакстан – маданияты менен тарыхы бай өлкө. Биз мода аркылуу казактын каада-салтын жаңыртууну максат кылып жатабыз. Казактар өз мурасынын баалуулугун түшүнгөн эл. Өзүбүздүн ким экенибизди билгенибиз эң туура. Бул өзүңдүн уникалдуулугуңду жеткирүүнүн бир жолу. Биздин шоу дизайнерлерге өз өлкөлөрүнүн маданиятына тиешелүү жактарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Париждеги мода сахнасында биринчи жолу Жанна Кан менен Назым Карпыкованын жыйнактары көрсөтүлдү. Жаш дизайнерлер Казакстанда өткөн мода жумалыгында өзгөчө көзгө түшүп, Франциянын борборунда өтө турган иш-чарага чакырылган.

НАЗЫМ КАРПЫКОВА, ARUNAZ БРЕНДИНИН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Менимче, өлкөбүздө дизайнерлердин саны көбөйдү. Анын аркасында атаандаштык өсүп, өнүгө баштадык. Бардыгы кийим тигип, ар тараптуу сулуулукту жеткирүүгө аракет кылышууда. Эң сонун кылып жасашат. Анын натыйжасында дизайнерлерибиз жылдан-жылга жетилип жатат.

Улуу талаанын саркеч кийим үлгүлөрү көрүүчүлөрдү багындыра алды. Аял затына өзгөчө назиктикти тартуулаган кийим үлгүлөрү көпчүлүктүн купулуна толду.

СВЕТЛАНА ПЛОТНИКОВА, ZARDOSIBYCONSTELLA БРЕНДИНИН  ӨКҮЛҮ:

- Бул көргөзмө соода белгибиздин беделин өстүрүү менен бирге, шериктештик орнотууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундай шарттарда, биз башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен таанышып, байланыш орното алабыз.

Көпчүлүктүн кызыгуусун пайда кылган ушундай иш-чарага катышуу жаш модельерлер үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк, дешет уюштуруучулар. Анткени ал жерде мода тармагынын абройлуу инсандары менен бирге, ар кандай соода системаларынын өкүлдөрү менен жолугушууга болот. Мисалы, бул жолу көрсөтүүгө Корея, Гонконг жана Франциянын фэшн-байерлери катышты.

Фото: arunaz_atelier