«Хабар» Агенттиги спортчу Бекзат Саттарханов тууралуу көркөм тасма тартты

«Хабар» Агенттиги жылдыздай жарк эткен спортчу, Сидней олимпиадасынын чемпиону Бекзат Саттарханов тууралуу көркөм тасма тартты. Катары калың көпчүлүк аталган эмгектин жабык көрсөтүүсүн көрүүгө жетишти. Болгону 20 жашында Казактын желегин желбиретип, Сидней олимпиадасында көпчүлүктү таң калтырган спортчу Бекзат Саттархановдун бул дүйнө менен кош айтышканына 20 жылга жакындады. Аз өмүрүндө көп эстелик калтырган азаматты эли ушул күнгө чейин даңктап келет. Тасмада башкы ролду жаш актёр Самат Азимкулов жаратты. Ал бокс менен беш гана жыл алектенип, олимп чокусун багындырган күжүрмөн спортчуну чагылдыруу чоң жоопкерчилик экенин айтат. Толук метраждуу тасма тогуздун айынан баштап Казакстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт.

РИНАТ КЕРТАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Жеке өзүм тасманы көрүп жатып бир эпизодго абдан таң калдым. Эки саат бою машыккан Саттархановду дарыгерлер келип жүрөгүнүн согушун текшергенде, эки саат эс алып жаткан адамдын ден соолугундай экенине күбө болушат. Бул Бекзаттын дене боюнда тубаса талант, Кудайдын берген касиети болгонунан кабар берет.