Чимкентте “Келечекке көз караш” аттуу коло айкелинин ачылышы

Чымкентте “Келечекке көз караш” монументалдык айкели пайда болду. Аталган эмгек өлкөдөгү эң байыркы Santo фармацевтикалык заводунун аймагына орнотулду. Авторлордун пикиринде, айкел саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялык технологияларды чагылдырат.

Колодон жасалган көп тонналуу айкел өлкөнүн, медицинанын, заводдун келечегинен кабар берет. Айкелди жаратуу мындан 2 жыл мурда, Santo компаниясы өзүнүн 135 жылдыгын белгилеп жаткан мезгилде пайда болгон. Завод сынак жарыялаган. Ага Казакстандын мыкты  айкелчилери катышкан. Жеңишке алматылык чыгармачылык топ жетти.

ЭЛЬЖБЕТА ДЖИКОВСКА, СТАРАК ҮЙ-БҮЛӨ ФОНДУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул айкел биздин компаниянын философиясын, анын өнүгүшүнөн кабар берет. Авторлор – жаштар. Бүгүнкү күндө биздин компания жаштарга басымдуулук берип жатат. Алар биздин келечегибиз.

Ушуш эле күнү заводдо санариптик инженерия жана билим борбору салтанаттуу түрдө ачылды.

РУСТАМ БАЙГАРИН, SANTO ЗАВОДУНУН МҮДҮРҮ:

- Орто техникалык билим берүү боюнча кошумча жигердүү күч керек болду жана бул жөнүндө президент айтты. Биз буга жооп бердик. Биз окуу-билим борборун түздүк. Бул жерде эки окуу классы бар. Биринчи класс студенттерге тажрыйбалык башкарма системасынын көндүмдөрдү берүү, электроника, ал эми экинчиси адистештирилген компьютердик класс болуп саналат.

Борбордо студенттерди окутуу бекер болот. Бардык чыгымдарды Santo өз мойнуна алат. Борборду түзүүгө 100 млн теңге инвестиция жумшалды. Анын негизги милдети - колледждердин жана жогорку окуу жайлардын адистерин жана студенттерин технологиялар, метрология, автоматташтыруу жана технологиялык жараяндарды башкаруу багытында окутуу болуп саналат. Класстар Германия, Италия жана АКШдан келген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул окутууну кыйла көрсөтмөлүү жүргүзүүгө жана ар түрдүү окутуу контентин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай мамиле окуучуларга берилип жаткан билимди оңой өздөштүрүп кетүүгө шарт түзөт.