Казакстандык өнөрпоздор Парижда Улуу талаа тарыхын бий менен көрсөтүштү

Казакстандык өнөрпоздор Париж мэриясынын сахнасында Улуу талаа тарыхын бий менен көрсөтүштү. Топтун жетекчиси Дана Муса – Франциядагы таланттар шоусунун финалынын катышуучусу.

Дана Муса тобунун даярдыгына карап, Улуу талаа тарыхын азыркы заманбап бий менен кандай жеткирилерин элестетүү кыйын. Казакстандык чебер өз шакирттери менен бирге долбоорду 1 жыл бою даярдаган. Спектакль көчмөндөр менен алардын руханий маданиятына арналган.

ДАНА МУСА, АССОЦИАЦИЯНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Бул адамдын алыста жүрсө да өз тарыхын унутпаганынан кабар берет. Эртең Бразилия же Жапонияга барсам дал ушундай спектакль коёрума ишенем. Бул спектаклдердин башка жерде жеңишке жетүүсүнө орток баалуулуктар себеп болду деп ойлойм. Мисалы, аял руху, уюшкандык, кызматташтык деген сыяктуу.

Сахнада 11 бийчи дүйнөнүн орток тарыхын баяндайт. Этнобалетте Улуу талаа бүткүл адамзат тарыхынын башаты катары берилет. Жергиликтүү калктын да бийчи кыздын жаңы спектаклине болгон кызыгуусу жогору.

БЛИЦ:

-  Эң сонун таасир алдым. Мен анын Париждеги этнобалет демилгесин көргөм. Азыр бий тобун түзүп, трилогия коюп жатат. Укмуш!

- Спектакль абдан кызыктуу болду. Мага жакты.

Казакстандык бийчи ата мекенине болгон сүйүүсүн чыгармачылык аркылуу билдирет. Алар алдыдагы убакытта көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан көптөгөн чыгармаларды сахнанын төрүнөн сунушат.

Фото: stan.kz