Нур-Султанда "Жашай бер, Казак жери!" аттуу патриоттук ырлар кечеси өткөрүлдү

Нур-Султанда

Казакстандын борборунда "Жашай бер, Казак жери!" аттуу патриоттук ырлар кечеси өткөрүлдү. Иш-чара өлкө борборунун күнүнө арналган. Ага 20дан ашык ата мекендик аткаруучу, анын ичинде татыктуу ишмерлер жана өлкөнүн жаш артисттери катышты. Алардын арасында Нуржамал Усенбаева, Багдат Самединова, Айгуль Косанова, Естай Мукашев жана мындан башка казак эстрада жылдыздары бар. Мааракелик кечеде меймандардын назарына өлкөнүн мурасын көрсөтө турган музыкалык композициялар гана эмес, ошону менен катар заманбап авторлордун жаңы чыгармалары да тартууланды. Иш-чараны жыл сайын борбордук академиялык филармониянын солисттери уюштуруп келет. Айта кетсек, концерт өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын сактоо, өнүктүрүү жана көпчүлүккө жайылтуу максатында өткөрүлдү.

ГҮЛНҮР ЖАКСЫЛЫКОВА, НУР-СУЛТАН ШААРЫ АКАДЕМИЯЛЫК ФИЛАРМОНИЯСЫНЫН СОЛИСТИ:

- Ар дайым сахнага чыккан сайын катуу толкунданам. Ага кошо бул концерт борбор күнүнө арналган. Бул жерде биз патриоттук ырларды ырдайбыз. Албетте, бир жагынан кызыктуу, башкача бир толкундануу болот. Анткени, көрүүчүлөр ырдын маанисин түшүнүшү үчүн биз анын маанисин жеткирип бере алышыбыз керек. Бул концерт жыл сайын өткөрүлөт. Мен филармонияда эки жылдан бери иштеп келе жатам жана ал концертке экинчи жолу катыштым. Бүгүнкү кечке арнап Бойгожиевдин  «Туулган жер жыр айнам» аттуу ырын тандадым.