«Чынгыз хан» хореографиялык спектаклинин премьерасы

«Чынгыз хан» хореографиялык спектаклинин премьерасы

Борбордук Азиядагы биринчи бир катар мамлекет куруучу, өз заманынын өзгөчө ири аскерий жоокери Чынгыз хандын өмүрү менен эрдик эмгегине арналган хореографиялык спектаклинин премьерасы өттү. Спекталды сахналаштыруу идеясы хореограф Тугсуу Тумурхуягге биринчи жолу 2016-жылы келген. Ага карабай спектакль арадан үч жыл өткөн соң канатын кеңири жайып көрүүчүлөр назарына тартууланды.

ТУГСУУ ТУМУРХУЯГ, ХОРЕОГРАФ / МОНҒОЛИЯ:

- Чынгыз хан спектаклин саханалаштыруу идеясы алгачкы жолу 2016-жылы келген. Кийин Казакстанга келип тарыхый спекталды 21 күндө даярдадым. Ал эми аны андан ары кесиби балетмайстер Кадича баштаган топ өнүктүрдү. Анын ичинде бийчилердин костюмдарын, сахналык образдардын бардыгын ушундагы кесиптештерим үч жыл ичинде даярдады. Бул оңой жумуш эмес.

Спектакль үч жыл ичинде даярдалса да, ага белсендүү даярдык жумуштары быйылкы жылдын үчтүн айынан башталган. Чынгыз хандын жашосунда да спектаклдин башкы ролунда Бөртени ойногон Гаухар даярдыктын оңойго турбагандыгын айтат. Бөртенин оор тагдырын ал сезе алган, башкы максаты көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк табуу, дейт.

ГАУХАР ИСМАГУЛОВА, «НАЗ» МАМЛЕКЕТТИК ТЕАТРЫНЫН АРТИСТИ:

- Албетте кыйын болду. Анын оорчулугу бул спектакль башкалардан айырмаланып турганында. Анткени спектаклдын трагедиялык учурлары көп, эмоционалдык оор болду. Жигиттердин колдоосун сезип жаттык. Оңой болду деп айта албайм.

Монгол хореографынын пикиринде, «Чыңгыз хан» спектакли эки элдин руханий жакындыгын көрсөттү.

ТУГСУУ ТУМУРХУЯГ, ХОРЕОГРАФ / МОНГОЛИЯ:

- Бийчилер абдан таланттуу. Мен ойлогондор ишке ашты деп эсептейм. Биздин өлкөлөрүбүз, элибиз окшош. Ата теги, дүйнө таануубуз бир, экөө тең көчмөн калк, экөө тең кийиз үйдө жашайт, улууну урматтайт. Мындай окшоштуктар биздин орток дүйнөбүздү ийгиликке жеткирүүгө чоң таасирин тийгизди.

Ошол доорду сүрөттөгөн түстүү даректүү декорациялар, тематикалык музыка жана сахна кийимдери борбордук көрүүчүлөрдү таң калтырды. Бийдин тили менен артисттер Чыңгыз хандын образын бере алышты. Белгилей кетсек, спектаклдин премьерасы Жаштар жылына жана борбор күнүнө арналды.

Фото: inform.kz