«Салтанат» ансамблинин Бельгиядагы гастролу

«Салтанат» ансамблинин Бельгиядагы гастролу

Казактын улуттук маданияты жана искусствосу Европа коомчулугун таң калтырды. Бельгияда "Салтанат" казак бий ансамблинин гастролдору болуп өттү. Чыгармачылык жамаат Бельгиянын түштүгүндөгү 36-дүйнөлүк фольклор фестивалына катышты. Ошондой эле, артисттер Брюсселде жана башка шаарларда бир нече концерт коюшту. Фестивалдын ачылуу салтанатында көркөм топ эзелки салт менен заманбап онөрдү керемет айкалыштыра билген хореография көрсөтүп, улуттук аспаптарды чебер аткарган музыканттар көчмөндөр ааламын обон менен даңазалай алды.

ДЕНИС ВИТЧЕНКО, «САЛТАНАТ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИНИН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ.

- Бул фестивалда казак маданияты кайталангыс, оригиналдуулугу менен айырмаланды. Анын үстүнө костюмдар менен музыка, обондорубуз да өзгөчө. Биздин маданият эч кимдикине окшобойт. Эгер кимдир бирөөнүкү окшош болсо, биздикиндей окшоштуктарды табуу кыйын.

Ансамбль дүйнөнүн бардык элдеринин бийлерин аткарат, ал эми Европа журтчулугуна артисттер салттуу түрдө казак элинин улуттук бийлерин тартуулады. Курамдын репертуарында ата мекендик композиторлордун фальклордук чыгармалары менен музыкасына, анын ичинде «Адай», «Балбыраун», «Бозинген» күүлөрүнө негизделген бийлер бар. Брюссель көрүүчүлөрүнө «Алдар көсө» менен «Кайран жыйырма беш» бийлери өзгөчө таасир этти.

ОНДРЕ ДЕ ШКУТЕР, ФЕСТИВАЛЬ УЮШТРУУЧУСУ:

- Өзгөчө сиздердин түпкү улуттук маданиятыңыздарды баалайбыз жана аны муундан муунга сактап калууңуздар бизди абдан таң калтырды. Европада улуттук салттар унутулуп калган. Биз сиздерден үлгү алышыбыз керек. Артисттердин кесиптик чеберчилиги жогорку деңгээлде экен.

КАТИЯ ВАН ДЕН БРУКЕ, БЕРКЕМ-СЕНТ-АГАТ КОММУНА БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Мен өз өмүрүмдө алгачкы жолу казак музыкасын тыңдадым. Түптүү сөздөрүн түшүнбөсөм да, укмуш обон, ыргактуу музыка жан дүйнөмдү байлап алды. Бий аркылуу казак элинин меймандостугу менен жан дүйнөсүнүн кеңдиги сезилди.

Көрүүчүлөр казакстандык артисттердин аткаруучулук чеберчилигине суктанышты. Бельгиядагы "Салтанат" ансамбли баш аягы 10 концерт койду. Мындан ары гастролдор Франция, Болгария менен Польшада уланат.

Фото: mfa.gov.kz