«Астана Опера» Өзбекстанда өнөр көрсөтөт

Казактын Абайын көркөм өнөр аркылуу таанытуу. Бул максатта "Астана Опера" театрынын жамааты кезектеги чет элдик гастролго даярданып жатат. Улуу акындын өрнөктүү өмүрү менен белгилүү чыгармачылыгы тууралуу сахналык коюуну Өзбекстандын өнөр сүйгөн коомчулугунун назарына тартуулоо пландалууда. «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында тандалган улуттук шедевр «Абай» операсына токтолушу бекеринен эмес. Уникалдуу чыгарма казак маданиятынын көрүнүктүү төрт инсандарынын аты менен байланышкан. Алар албетте классикалык чыгарманын баш каарманы Абайдын өзү, либретто автору – Мухтар Ауэзов жана улуу композиторлор Ахмет Жубанов менен Латиф Хамиди.

ЕРЕНБАК ТОЙКЕНОВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН РЕЖИССЁРУ:

- Мыкты улуттук опералардын бири «Абай». Ошондуктан Абайды биз көрсөтүшүбүз керек. Бардык дүйнөгө таанытуубуз зарыл. Жалпы биздин Улуттук операларыбызды башка өлкөнүн жарандары кызыгуу менен көрүшөт. Менин оюмча бул операнын келечеги зор. Кайсы өлкөдө көрсөтсөк да калк өз баасын берип, жакшы кабыл алат деген ишенимдемин.

Ташкент шаарына труппа толук курам менен барат. Сахна артындагы техникалык кызматкерлерин кошкондо 200дөн ашык адам. Көрүүчүлөргө таасир калтыруу үчүн 30 тонналык декорацияны кошо ала барышат. Айта кетүүчү жагдай, улуттук опера Италиянын Генуя шаарында сахналаштырууга жетишти. Сапар программасынын алкагында өзбек журтчулугу казакстандык өнөрпоздордун аткаруусунда «Мадам Баттерфляй» операсын көрсөтөт. Опера теке айынын 10-13чү аралыгына пландалган.

Фото: astanaopera.kz