Борбор күнүнө арналган Улуттук музейдин маданий программасы

Борбор күнүнө арналган Улуттук музейдин маданий программасы

Белгилүү ата мекендик жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн атактуу вернисажы, жаш кыл калем чеберлеринин сүрөт көргөзмөсү, Эл аралык Жазуучулар форуму, ошондой эле, азыркы замандагы казакстандык живописчилердин экспозициясы. Борбор күнүнө карай Казакстандын Улуттук музейи бир катар маданий программа даярдоодо. Ал теке айынын 2синен 6сына чейинки аралыкта өтөт. Айта кетүүчү жагдай, музейдин топтомосунан шаар тургундары менен конокторуна Абилхан Кастеев, Жанатай Шарденов жана Гүлфайрус Исмаилова сындуу таанымал казакстандык сүрөтчүлөрдүн эмгеги коюлат. Ошону менен катар, мааракелик аптада түрдүү чыгармачылык кездешүүлөр менен чеберчилик сааттар өтөт.

АБАЙ САТЫБАЛДИН, РК УЛУТТУК МУЗЕЙ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Борбор күнүнө карай улуттук музей да кызыктуу маданий программа даярдап жатат. Негизинен бул көргөзмөлөр. Биз ушундай үч чоң көргөзмөнү пландоодобуз. Ошону менен катар, биз шаар күнүнө арналган музей сабактарын, дарстарды, экскурсияларды даярдап жатабыз. Мына, ушундай программа музей келүүчүлөрү үчүн каралган.

Атап өтсөк, жыл сайын өлкөнүн башкы музейине 300 миңден ашуун адам келет. Алтын, этнография, эзелки жана орто кылым тарыхы залдары өтө белгилүү.