Казакстандын борборунда IV “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы башталат

Кулжа айынын 28де Казакстандын борборунда IV “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы башталат. Үч күн бою шаар тургундары менен меймандары казактардын жана башка түрк элдеринин бай мурасы менен тааныша алат.

ТИМУР ДУЙСЕНГАЛИЕВ, "КАЗАК ТУРИЗМ" УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул фестивалдын негизги макскаты – биздин элибиздин көчмөн маданиятына, салт санааларына кызыгуу арта турган туристтерди тартуунун жаңы борборун куруу. Бул жерде биз ушундай иш-чаранын көмөгү менен жай айларында өлкөбүздүн борборуна бара ала турган чет элдик жана ички туристтердин санын арттыруу милдетин коюп жатабыз. 

Иш-чарага 10 өлкөдөн - Азербайжан, Түркия, Болгария, Иран, Түштүк Корея, Орусия, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан менен Казакстандан келген топтор катышат. Фестивалдын алкагында ат оюндары, баатырдык күрөш, көк парчылар, жаачылар жана кушчулардын көрсөтмө оюндары өтөт.

ТИМУР ДУЙСЕНГАЛИЕВ, "КАЗАК ТУРИЗМ" УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНАН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин алдыбызга койгон милдеттерибиздин бири салт-санааларды, анын ичинде казакстандыктардын арасында, биринчи кезекте жаштар арасында байыркы түрктөрдүн жоокерлик өнөрүн жайылтуу болуп саналат. Келген командалар биздин шаар тургундары менен меймандары үчүн муну кандай жасоого болоорун, аны кантип өстүрүүго болоорун жана хоббиге айландыруунун жолун көрсөтүп беришет.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында кийиз жасоо, тери иштетүү, күмүш жана топурак менен иштөө боюнча ондогон ар түрдүү мастер-класстар өтөт. Сактар, гунндар, күнгөйлөр, скифтер жана сарматтар урууларынын костюмдарысыз да болбойт. Кийиз үйлөр менен чатырларда меймандарды улуттук тамак-аштар менен суусундуктардан ооз тийгизишет.