Казакстанда Касым хан жөнүндө көп сериалуу фильм тартылат

Казакстанда Касым хан жөнүндө көп сериалуу фильм тартылат

Касым Хан тууралуу көп сериялуу тарыхый фильмди тартуу Түркестан облусунда өтөт. Картинанын режиссёру белгилүү «Эртугрул» түрк сериалын тарткан Метин Гюнай. Жаңы долбоор 4 сезондон жана 75 бөлүктөн  турат. Тасмага казакстандык актёрлор гана тартылат.

МЕТИН ГЮНАЙ, РЕЖИССЁР / ТҮРКИЯ:

- Мен бул жерде болгонума кубанычтамын. Мен ушул сонун аймак менен таанышып жатканыма да ыраазымын. Биздин тарыхыбыз бир. Биз белгилүү тарыхый инсан жөнүндө фильм тартууну баштадык. Азыркы учурда биз маанилүү долбоордун планына ылайык, тасма тартууга ылайыктуу болгон жерди изилдеп жатабыз. Бул тарыхый мааниге ээ.

Түрк режиссёр Метин Гюнай буга чейин сценарий жазып, Отырар, Сарайшык, Сауран тарыхый жайларына барып келген. Азыр чыгармачыл топ костюмдардын эскиздери жана тиричилик буюмдары боюнча тасманын үстүндө иштеп жатат:

Фото: turkystan.kz