«Астана Опера» театрында «Жизель» балетинин премьерасы өттү

«Астана Опера» театрында «Жизель» балетинин премьерасы өттү

Эки көшөгөлүү фантастикалык балет “Астана опера” сахнасында. Анда дүйнө жүзүнүн эң белгилүү "Жизель"спектаклинин бир премьерасы болду. Өз сүйүктүүсүнө ашык болгон жаш кыз тууралуу аярлуу аңгеме 1841-жылы Париждеги тушоо кесүүдөн кийин чоң ийгиликтерге жетип, дүйнөлүк өнөр сүйүүчүлөр коомуна таанымал болгон. Спектакль ошол кезден баштап бүгүнкү күнгө чейин бүткүл дүйнө сахнасынан түшкөн эмес. “Жизель” Казакстандын сахнасында агачкы ирет коюлуп жаткан жок. 2015-жылы гастролдор алкагында италиялык Сан-Карло театры бул балетте “Астана операга” алып келген болот. Эми атамекендик артисттердин аткаруусундагы бул окуя Борбордук театр сахнасында казакстандык көрүүчүлөрдү кубандырат.

БАХТИЯР АДАМЖАН, АЛЬБЕРТ ПАРТИЯСЫНЫН АТКАРУУЧУСУ:

- Жизель Альбертке жакты. Бирок ал ката кетиргенин түшүнгөн жок. Экинчи кыймылда биз такыр башка Альбертти көрөбүз. Партия драматургияга толгон жана ар бир артисттин ушул окуяга байланыштуу ролу бар. Альберт ролу өзүнүн мүнөзүн ачууга көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул китеп сыяктуу, кайталап окуган сайын жаңы сырларын ачасыз. Ошондуктан азыр да Альберт мен үчүн табышмак.

Алтынай Асылмуратова “Астана опера” балет труппасынын көркөм жетекчиси, коюуну даярдоого түздөн түз катышкан. 

АЙГЕРИМ БЕКЕТАЕВА, “ЖИЗЕЛЬ” ПАРТИЯСЫНЫН АТКАРУУЧУСУ:

- Мен бул партияны Алтынай Абдуахимовна менен бирге даярдап койгом, бул мен үчүн чоң кубаныч. Анткени ал баарын баштан кечирди, ал эми мен үчүн бул баалуу. Өтө чоң иштер жасалды, өтө көп нерселер айтылды, анткени бул ролду ойноого болбойт,  бул роль менен сахнада жашоо керек.

Дүйнөлүк классикалык балетинин аткаруучулары  “Астана Опера” театрынын репертуарын толуктады.

Фото: 24.kz