XV Эл аралык “Евразия” кинофестивалы башталат

Кулжа айынын 30нан теке айынын 6сына чейин Казакстандын борбор шаарында XV эл аралык “Евразия” кинофестивалы өтөт. Масштабдуу иш-чаранын алкагында ар кандай маалымат-билим берүүчү программалар жана кинокөрсөтүүлөр камтылган.

ЕРМЕК ТУРСЫНОВ: «ЕВРАЗИЯ» ЭЛ АРАЛЫК КИНО ФЕСТИВАЛЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Көптөгөн жолугушуулар, мастер-класстар болот. Эл аралык кино фестивалдын алкагында келишимдер менен меморандумдарга кол коюлат деп ишенем. Бизде чоң пландар абдан көп. Азыркы учурда кино дүйнөсүндө глобалдык өзгөрүү болуп жатат. Биз цивилизациялуу мамлекетпиз, тармакты өнүктүрүү үчүн биздин ишке кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Быйыл америкалык продюссерлердин келиши күтүлүүдө. Алар казакстандык адистер менен кызматташууга кызыктар экендигин билдиришти. Белгилей кетсек, жылдан жылга “Евразия” кинофестивалы өзүнүн максаттарына, дүйнөлүк кинофестивалдардын  курамына кошулууга багыт алып келе жатат.

ДЖЕЙ ФУТЛИК, “ГЛОБАЛДЫК САЯСАТ ДЕМИЛГЕСИ” КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бизге сиздердин өкүлдөр келген. Андан кийин эле өлкөнүн биринчи президенти – Нурсултан Назарбаевдин иш сапары болду. Вашингтондо алар америкалык киноматогрАфия коомунун башчысы Гейл МакКиннон менен маанилүү маек жүргүзүштү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Голливуд менен казак режиссёрлорунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө түзгөн келишимдер жетишилди.