Микроскоп астындагы шедеврлер

Балхаштык чебер өзгөчө миниатюраларды жасайт. Николай Савидов шахмат фигураларын ийненин көзүнө батырат, аттын жалынан афоризмдерди жазат жана кызгалдактардын данына оймо-чиймелерди тартат. Анын бул өзгөчө эмгектерин микроскоп менен гана көрүүгө болот. Көлөмү 1 миллиметрден кичинекей буюмду жасоого чебер бир канча ай убакыт кетирет. Ал тоок жумурткасына мындан 35 жыл мурун таканы тарткан. Андан соң ал күрүчкө сүрөт тартканды үйрөнгөн. Иш канчалык оор болсо, ошончолук кызык, дейт ал. Бүгүнкү күндө чебер жаңы багытты – микроабстракционизмди өздөштүрүүдө.

НИКОЛАЙ САВИДОВ, МИКРОМИНИАТЮРА ЧЕБЕРИ:

- Түшүмө кирген теманы расмий түрдө каттатып алдым. Ал микроабстракционизм деп аталат. Мен кызгалдактын данынан пирамида, конус, шар менен цилиндр сымал түрдүү нерселерди жасагым келет. Менин оюмча, геометриялык фигуралар өтө кызыктуу.

Николай Савидов адистиги боюнча – электромонтёр. Өзүнүн уникалдуу экспонаттарын уста жумуштан сырткаркы бош убактысында жасайт. Мындай оор ишти ал өз алдынча үйрөнгөн. Ушундай иш менен алектенген чеберлер дүйнөдө анча көп эмес.

БИБИГУЛЬ КУДАБАЕВА, ОБЛУСТУК СҮРӨТ ӨНӨР МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Эгер миниатюра тууралуу айта турган болсок, бул биздин карагандылык нэцкэ, бир тууган Жүнисовдордун ойлоп табуусу. Керемет аткарылган майда жумуштары бар. Негизи миниатюралык формаларды жасаган чеберлер өтө аз. Ошондуктан музейде да андай эмгектер көп кездеше бербейт.

36 жыл бою Николай Савидов 2 миңге жакын микроминиатюра жасаган. Балхаштык чебер өз эмгектери менен казакстандыктарды гана эмес, коңшу өлкө элдерин да таң калтырып келет. Анын чыгармалары РК Тунгуч Президентинин музейинде жана Орусия менен Украина музейлеринде турат.