Нур-Султанда «Eurasian Dance Festival» эл аралык балет фестивалы өттү

Нур-Султанда «Eurasian Dance Festival» эл аралык балет фестивалы өттү

Быйылкы III «Eurasian Dance Festival» - эл аралык балет фестивалында дүйнөлүк классика жана элдик чыгарма менен азыркы замандын беделдүү хореографтары койгон соңку премьералар күйөрмандардын назарына тартууланды. Эл аралык иш-чараны шаар тургандары менен коноктору кулжа айынын 4нөн 16сы аралыгында көрө алышты.

Фестиваль «Астана Балет»  театрында кулжа айында өткөн премьера – ата мекендик хореограф Мукарам Авахри койгон “Саломея” балети менен ачылса, кечки салтанаттын расмий жабылуу аземи дүйнөлүк балет жылдыздарынын гала-концерти менен аяктады. Салтка айланган фестиваль  балет дүйнөсүнүн жаркын окуяларынын бири болуп саналат. Серепчилердин айтымында, мындай өзгөчө иш-чаралардын аркасында Казакстандын борбору Чыгыш жана Батыштын маданияттары үчүн аянтча болуп калмакчы.

УЛЬКЯР АЛИЕВА, ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР СЫНЧЫСЫ:

- Нур-Султан шаары Борбордук Азиядагы балет өнөрүнүн борборуна айланууда. Балет постсоветтик мезгилде абдан жогору бааланганын баарыбыз билебиз. Ушул максатта «Астана балет» казактын балет өнөрүн жайылтуунун үстүндө эмгектенип келет. Бул театрдын солисттери туруктуу негизде эл аралык гала-концерттерге катышууда. Ал тургай чет өлкөдө да татыктуу өнөр көрсөтүп жатат.

Фестиваль учурунда дүйнөнүн маңызына айланган бийчилери менен балериналары чеберчилик мастер-класстарын өткөрдү. Кечки программасы салтуу болгону менен, бирок күтүлбөгөн сюрприздер менен коштолду. Айта кетсек, элдик классикалык балеттердин үзүндүлөрү менен жаңычыл изденүүлөр көрсөтүлдү.

Фото: astanaballet.com