Алматыда «Star of Asia» фестивалы өттү

Алматыда «Star of Asia» фестивалы өттү

«Star of Asia» эл аралык музыкалык фестивалы Алматыдагы "Медеу" муз аянтында өттү. Ага Казакстандын бардык аймактарынан келген эң талантуу 40 вокалист катышты. Алардын бири дагы чоң сахнага чыккан эмес, бирок социалдык тармактарда белгилүү болушкан. Маалыматка ылайык, бул күнү көрүүчүлөрдүн алдына Мот, Дан Балан, Назима жана Ninety one тобу чыкты. Мындан сырткары, фестивалга белгилүү түштүк кореялык бойзбенд - PENTAGON келди.

ЕРБОЛ ШАРИПОВ, «АЗИЯ» ТОБУНУН КАТЫШУУЧУСУ:

- Стар оф Эйжа фестивалы жаш аткаруучулар үчүн өздөрүн таанытууга жакшы аянтча жана мүмкүнчүлүк болуп берет. Келечекте бул нерсенин салтка айланышын каалайм.

Белгилей кетсек, Star of Asia музыкалык фестивалы - бул "Медеу" муз аянтына 20 миң көрүүчүнү чогултуп, жыл сайын өтүүчү эл аралык окуя болуп саналат. Быйылкы жылы ал дүйнөнүн 118 мамлекетинде онлайн-режиминде түз алып көрсөтүлдү.

Фото: inform.kz