Нур-Султанда Италия борбору ачылды

Казакстан менен Италия маданий кызматташтыгын бекемдөөдө. Гумилёв  атындагы Евразия улуттук университетинде Энрико Маттеи атындагы Италия борбору ачылды. Бул жерде Петрарка менен Данте сүйлөгөн тилди үйрөнүүгө кызыктар болгондор үчүн атайын курстар ачылат.

Тиешелүү меморандумга жогорку окуу жайдын, Казакстандагы Италия Элчилигинин жана италиялык энергетикалык компаниянын өкүлдөрү кол койду.

Маданий борбор быйылкы күздөн баштап иштейт деп көздөлүп жатат. Ошондой эле, тил курстарынан башка, бул жерде башка да иш-чаралар өтөрүлөт деп күтүлүүдө.

РОЗА ХАСЕНОВА, Л. Н. ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУ ИТАЛИЯ ТИЛИНИН ОКУУЧУСУ:

- Бул борбор керектүү китептер жана техника менен жабдылды. Ошондуктан студенттер үчүн бул борбордо италия тилин мыкты деңгээлде үйрөнүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк жасалат. Италия өкмөтү, аталган өлкөнүн элчилиги өз маданияттарын жергиликтүү жаштарга тааныштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна кубанып жатышат. Ал үчүн студенттерге атайын гранттар берилип, алар тил үйрөнүү үчүн Италияга барышат.

ПАСКУАЛЕ Д'АВИНО, ИТАЛИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биздин Борборго келгендер бул жерде бир гана тил курстарына катышуу менен чектелишпейт. Алар Италиянын кино, мода өнөрү, илими менен жакынырак тааныша алат. Айтмакчы, жакында биз Италия киносунун фестивалын өткөрдүк. Ал абдан ийгиликтүү өттү. Ал эми алдыдагы убакытта биз италиянын тилинин жумалыгын уюштурууну мерчемдеп жатабыз. Ошондуктан тил адистери, ошондой эле опера аткаруучулары, сопрано, тенорлор опера тилинин өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү үчүн атайын келишет.

Ошондой эле, күзгү программанын алкагында Казакстандагы Италия Элчилиги гастрономиялык жумалык өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Анын алкагында казакстандыктар АппенИн жарым аралынын улуттук тамактарынан даам татышат.

Фото: enu.kz