«Астана Кечтери» VIII эл аралык фестивалы

«Астана Кечтери» VIII эл аралык фестивалы

Казакстандын башкы шаарында жылдын эң маанилүү маданий иш-чараларынын бири – «Астана кечтери» эл аралык фестивалы өтүп жатат. Дүйнөлүк деңгээлде белгилүү аткаруучулар өнөр сүйгөн коомго беш музыкалык кече тартуулады. Классика, фольклор, джаз, эстрада. Жыл сайын өткөн салттуу өнөр сынагы өзүнүн көп жанрлыгы менен өзгөчөлөнөт.

ЛАУРА АХМЕТОВА, «ДЕГДАР»  ГУМАНИТАРДЫК ФОНДУНУН МҮДҮРҮ:

- Фестивалдын үзгүлтүксүз уюштурулуп жатканына көп болду. Ушул узак убакыттын ичинде биздин салттуу концерттерибизди 30 миңге жакын адам угуп, кечелердин коногу болушту. Эфир чыгарылыштарын миллиондогон көрүүчү көрдү. Анткени биздин концерттер 116 өлкөгө таратылат. Биздин фестиваль эмнеси менен өзгөчө? Биз бардык орток, чеги жок өнөрдүн көпчүлүккө жеткиликтүү болгонун каалайбыз.

Кезектеги фестивалдын көшөгөсүн Казакстандын мыкты опера үндөрүнүн бири, көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты – Медет Шотабаев ачты. Ал өзүнүн өнөрүн италиялык мугалимине арнады. Обондуу кечеде башка да белгилүү артисттер сахнанын көркүнө көрк кошту.

МЕДЕТ ШОТАБАЕВ, РК ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Бүгүнкү концерт устатым Марио Меланиге арналган. Мени өнөр жолунда тарбиялап, чоң сахнага жол ачкан алгачкы мугалимдериме таазим кылам. Опера спектаклдеринен үзүндүлөрдү даярдадык. Негизинен ариялар жана дуэттер. Концерттин экинчи бөлүмүндө көбүнчө Бочелли, Шарль Азнавурдун эстрадалык чыгармалары аткарылат.

ТИМУР ОРМАНШИЕВ, «АСТАНА КЕЧТЕРИ» ФЕСТИВАЛЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Адаттагыдай мега жылдыздардын башын бириктирдик. Чоң театрдын жарык жылдызы Анна Аглатова жана Мариин театрынын жетекчи солисти Наталья Павлова. Өзбекстандын эл артисти Рамиз Усманов атайын чакырылган ардактуу конокторубуз.

Белгилей кетүүчү жагдай, фестиваль «4 рояль жана альт» аспапчылар концерти менен кулжа айынын жетисинде марасына жетет. Жыйынтыктоочу  программа көпчүлүккө жакшы белгилүү берметтерге жана күтүүсүз белектерге бай болот.

Фото: goodrepublic.ru