Нур-Султанда Comic Con фестивалы өттү

Нур-Султан шаарында КомикКон эл аралык фестивалы өттү. Иш-чара комикс жана кино сүйүүчүлөрүн, видео оюндардын, мультфильм жана сериалдардын күйөрмандарын чогултту. Мындан сырткары, бул жерде белгилүү жана жаңы сценаристтер, сүрөтчү-иллюстраторлор, авторлор менен косплеерлер топтолду.

АСКАР АДАМБЕКОВ, УЮШТУРУУЧУ, ASTANA CONVENTION BUREAU МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Балдарыбыз өздөрүнө тааныш каармандар менен жолугушуп, эстен кеткис таасирлерге бөлөнүшү үчүн ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз. Бул Казакстанда биринчи жолу өтүп жаткан иш-чара. Саамалыкты дүйнөлүк деңгээлдеги ири компаниялар колдоп жатат. Аны менен катар, бул иш-чара бир гана балдарыбыз үчүн эмес, улуу муундарга да арналган.

Comіc con фестивалынын форматы биринчи жолу 1970-жылы АКШнын Сан-Диего шаарында өткөрүлгөн. Андан бери бул иш-чаранын масштабы кеңейип, комикс дүйнөнүн авторлору үчүн аудитория менен салттуу жолугушуу жайына айланган. Быйылкы иш-чарада өз комикстерин тааныштыруудан ата мекендик дизейнерлер да четте калган жок. Сүрөтчү- иллюстратор жана автор Мадибек Мусабеков бир жылга жакын даярданган.

МАДИБЕК МУСАБЕКОВ, КОМИКС АВТОРУ:

- Биздин комикс – Алтын адам тууралуу. Аталган каарман жөнүндө эмнелерди билебиз? Ал сак уруусунан чыкканбы? Ал хан болгонбу? Биз өзүбүздүн эмгекте Алтын адам менен Томирис канбийкени бириктирип, алардын окуялары тууралуу баяндап беребиз. Аталган чыгарманын сценарийин жазып, сүрөттөрүн тартууга бир жыл кетти. Биз Comic Con иш-чарасына жетишип калууга аракеттендик.

Үч күнгө созулган иш-чаранын атайын коногу, «Тактар оюну» сериалынын жылдызы Йохан Филип «Пилу» Асбек болду. Ал фестивалдын алкагында көрүүчүлөр менен жолугуп, кол тамга сессиясын өткөрдү.

Фото: informburo.kz