Нур-Cултанда Eurasian Dance Festival башталды

Казакстандын борборунда «Eurasian Dance Festival» эл аралык балет өнөр фестивалы башталды.

Дүйнөнүн мыкты балет труппалары «Астана Балет» театрынын сахнасында дүйнөлүк классикалык шедеврлерди, элдик бийлерди жана азыркы замандын белгилүү хореографтарынын эмгектерин көрсөтүшөт.

2 жума бою борбордун жашоочулары менен коноктору Берлин, Прага,Токио, Санкт-Петербург, Киев жана жергиликтүү белгилүү бий жамааттарынын коюлумдарына күбө боло алышат.

ЖАНИБЕК КАИР, EURASIAN DANCE FESTIVAL АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Ушул жылы биздин фестивалга ардактуу коноктор келет. Бул – Павел Вирский жетекчилик кылган Украинанын Улуттук ансамбли. Аталган чыгармачылык жамаат Казакстандын аймагына биринчи жолу кадам таштайт. Бул ансамбль мурдагы Советтер союзундагы, азыркы постсовет мейкиндигиндеги эң байыркы элдик ансамбль. Ошондой эле биздин саамалыкта Владимир Малахов жетектеген Жапониянын эл аралык компаниясы да өз өнөрүн тартуулашат. Мариинский театрынын премьералары дагы бар. Аларды балеттин күжүрмөндөрү деп аташат. Аталган жамаат өзүнүн «Dance, Dance, Dance» долбоору менен келсе, төртүнчү биздин коногубуз Чехиянын улуттук балети. Алар “Славян темпераменти” аттуу программасын сунуштайт.

Салтка айланып калган балет фестивалы дүйнөнүн эң жаркын маданий окуясы болуп калды. Серепчилердин пикиринде, ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү менен Казакстандын борбору Чыгыш менен Батышты өзүнө тартып турган чыныгы маданий борборго айланды.

УЛЬКЯР АЛИЕВА, ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТРАЛДЫК СЫНЧЫСЫ:

- Нур-Султан шаары Борбордук Азиядагы балет өнөрүнүн борборуна айланып келет. Балет постсоветтик мейкиндигинде абдан жогору бааланарын билебиз. “Астана Балет” казактын балет өнөрүн жайылтууда көп эмгек кылып келет. Анын солисттери бардык эл аралык концерттердин катышуучулары. Мен билгенден сиздердин аткаруучуларыңыздар чет жакта абдан ийгиликтүү иштеп жатышат.

«Eurasian Dance Festival» кулжа айынын он алтысына чейин уланат. Иш-чара «Астана Балет» театрынын сахнасында дүйнөлүк балет жылдыздарынын катышуусу  менен өтө турган концерт менен жыйынтыкталат.

Фото: sputniknews.kz