“Солдат любви” мюзиклине кастинг

Ушул жылдын эң маанилүү музыкалык окуясы - «Солдат любви» мюзиклинин бет ачары жетинин айынын он бешинде Нур-Султанда өтөт.

Музыкалык спектакль белгилүү А’Студио тобунун жалпыга тааныш хиттерине негизделген.

Азыркы тапта артисттерди тандоо жараяны кызуу жүрүп жатат. Коюучунун мерчеми боюнча, мюзиклге баш-аягы 50дөн ашуун адам катышат.

Аталган мюзиклде башкы каармандардын ролун жарата турган аткаруучулардын талантына А’Студио тобунун көркөм жетекчиси Байгали Серкебаев өзү баа берет.

БАЙГАЛИ СЕРКЕБАЕВ, А’СТУДИО ТОБУНУН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мюзикл – бул өзгөчө жанр. Бул жерде артисттин бир гана жакшы ырдай алышы жетишсиз. Ал актёрдук чеберчилиги жогору, жакшы бийлей жана сүйлөй алышы керек. Ошондуктан биз дал ушундай көп тармактуу жаштарды издеп жатабыз. Мюзиклге баш-аягы 50дөн ашуун актёр катышат. Алардын катарында вокалисттер, бийчилер, балет болот. Мюзикл үзгүлтүксүз, күн сайын жүрөт. Ошондуктан сөзсүз түрдө 2 курам болот деп ойлойм.

Мюзикл өзгөчө интерактивдүүлүгү менен айырмаланат. Анын коюлушунда эки альтернативдүү аяктоо каралган. Залдагы көрүүчүлөр сюжеттин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир эте алышат.

Орусия, Казакстан, Украина жана башка мамлекеттерден 5 миңден ашык адам кастингге катыша тургандыгын билдиришти. Казакстанда кастинг Нур-Султан жана Алматы шаарларында өтөт.

Артист Медет Рахымбергенов дагы «Астана Мюзиклдын» тандоо туруна катышып, көксөгөн ролун аткарууга үмүттөнөт. 

МЕДЕТ РАХЫМБЕРГЕНОВ, КАСТИНГДИН КАТЫШУУЧУСУ:

- А’Студио – бул бийик деңгээлдеги топ. Мюзикл эң сонун болот деп ишенем. Мен дагы артист катары мындай долбоорго катышууну каалайм. Бул менин жеке профессионалдык чыгармачылыгыма тажрыйба болуп калат. Ошондуктан кастингге катышууну туура көрдүм.

Борбордогу күзгү премьерадан кийин “Солдат любви” мюзикли Алматыга сапар алат. Андан кийин гастролдору менен Москва жана Санк-Петербург шаарларында болот.

Фото: peopletalk.ru