«Жас Канат - 2019» республикалык сынагы башталды

«Жас Канат - 2019» республикалык сынагы башталды

Далай талантты чоң сахнага канат кактырган ырчылар сынагы. Нур-Султанда кезектеги «Жаш канат -2019» сынагы башталды. Ушуну менен 28-жолу көшөгөсү ачылган өнөр жарышында өлкөнүн булуң-бурчунан келген 14 аткаруучу башкы байге үчүн ат салышат.

Талапкерлер салтка ылайык, алгач кандай ирет менен өнөр көрсөтөрүн аныкташты. Ал үчүн катышуучулар чучу кулак тартышты. Быйылкы жеңүүчүлөр бугу айынын 31 менен кулжа айынын экисинин аралыгында аныкталат. Жалпы сынак адаттагыдай  олимпиадалык система боюнча өтөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул жолу аталмалардын  катарына «Мистер жаш канат - 2019» киргизилди.

МУРАТ ИРГАЛИЕВ, «ЖАШ КАНАТ» СЫНАГЫНЫН ПРОДЮСЕРИ:

- Көз тийбесин, быйылкы курамдын деңгээли абдан жогору. Албетте ар бир сынактан үмүттүбүз дайыма жогору. Ошентсе да, ушул жылкы катышуучуларды аткаруучулук чеберчилиги, биздин күткөнүбүздөн алда канча жогору болуп чыкты. Биз үчүн ар бир катышуучунун эстүү түрдө тандоосу түшкөн репертуарына ылайык маанисин вокал менен жеткире билүү абдан маанилүү.

БАУБЕК АЙДАРБЕКОВ, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ, ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ:

- Албетте сөз баштоо оор. Ошентсе да «Жаш канат – 2019» сынагынын чүчү кулак тартуу жараяны өттү. Мен өзүмө биринчи номур түшсө экен деп кыялдандым. Ал ишке ашты, мына 1-сан. Абдан кубанычтамын. Жамбыл облусунан далай өнөрпоздор чыккан. Ошол эже-агайларымдын жолун жолдоп, мен дагы сыймыктануу менен барып башкы байгени алам деп ойлойм.

Казакстандын башкы шаарында 19-жолу уюштурулуп жаткан сынактын калыптанып калган салты бар. Ал Борбордун көчөлөрү менен сейил бактарына көчөт отургузуу. Быйылкы талапкерлер да ушул саамалыктан четте калбай Нур-Султан шаарын жашылдандырууга өз салымын кошту.

Фото: egemen.kz