Нур-Султанда Кытайдын туризм жумалыгы өттү

Нур-Султанда Кытайдын туризм жумалыгы өттү

Кытайдын туризм жана маданият жумалыгы Казакстандын борборунда өттү. Иш-чаранын алкагында шаар тургундары менен коноктору сүрөт көргөзмөсү, концерт, мастер – класстар менен жакындан тааныша алды. Мындай жумалык дүйнөнүн 53 мамлекетинде өтүп жатат. Быйыл Кытайда билим берүүнүн 70 жылдыгы белгиленет. 

ЧЖАН СЯО, КЫТАЙДЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ТОЛУК ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгы жана мамиленин жогорку деңгээлде өнүгүүсүн бекемдөөгө кызыктарбыз. Кытайдын туризм жана маданий жумалыгы эки мамлекеттин ушул тармакта дараметин арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Арбаттагы Кытайдын бардык атрибуттары өлкөгө туристтерди тартууга салымы чоң. Аянтты жергиликтүү бийлик берди. Алар кызматташтыкты арттырууну каалашат жана Кытай туристтерин таң калтырууга даяр.

ЕРГАЛИ ЕГЕМБЕРДЫ, НУР-СУЛТАН  ШААРЫНЫН САРЫ–АРКА РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Бул ар бир аким үчүн чоң сыймык. Бул биздин инвестиция жана туристтерди тартууга болгон аракетибиз. Биздин өлкөдө болуу үчүн бир канча варианттарды сунуштайбыз. Бул көрүнүктүү меймандос жерлер, 1900-жылы салынган 15-20дан ашык эски имараттар биздин Акмоло облусунун, Көкчөтоонун айланасында жайгашкан.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда кесипкөйлөр Кытайдын А5 категориясында туристтик аймактарды башкарууну түзүүгө кызыгып жатышат. Бул жерде алар улуттук парктарды бир системага киргизүүнү каалашууда. Анын көпчүлүгү Жибек жолунда жайгашкан.

ТИМУР ДУЙСЕНГАЛИЕВ, "КАЗАКТУРИЗМ" АО УЛУТТУК КОМПАНИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ :

- Жибек жолу региону Алматы, Жамбыл, Түркестан, Кызыл-Ордо облустарын кошуп алганда абдан кенен аймак. Мунун бардыгы “Батыш Европа – Батыш Кытай” менен байланышып турат. Аталган аянтта мен айтып жаткан 6 улуттук парк текши жайгашкан. Мындай багыттар экотуризм катары Кытай үчүн чоң кызыкчылыктарды туудурат.

ВАН ШУЛИНЬ, БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРИЗМ ЖАНА МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- Кытай туризм тармагындагы лидер өлкөлөрдүн бири. Айрыкча адистер мейманканаларды башкаруу, ресторан-бизнес, туристтерди тейлөөнүн сапаты боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт. Бул бир гана кытайлык туристтерге тиешелүү эмес. Мындай тажрыйбаларды Казакстан өздөрүнө келген башка чет элдик туристтерге колдоно алат.

Айта кетсек, туризм жана маданият жумалыгына Кытайдын 5 аймагындагы туркомпаниялар: Гуандун, Хайнань, Сычуань, Тайвань жана Синьцзян-Уйгур автономдук району катышты. Нур-Султанга биринчи жолу таанышуу жана бизнес келишимдерди түзүү үчүн келишкен. Эки өлкөнүн бир канча туркомпанияларынын ортосунда меморандумдарга кол коюу жетишилди.

Фото: 4dancing.ru