Ержан Максим Казакстандын борборунда чоң концерт берет

Ержан Максим биринчи жолу чоң жеке концертин берет. Бүгүнкү күндөгү эң белгилүү казакстандык окуучунун айтымында, мурда бул тууралуу бир гана кыялдана алчу. Эми 12 жаштагы ырчынын алдында көп сааттык репетициялар жана жеке репертуар түзүү турат. Жаш талантка “Хабар” агенттиги колдоо көрсөтөт. Ал иш-чаранын башкы маалыматтык өнөктөшү болду.

АРЫСТАНБЕК МУХАМЕДИ УУЛУ, РК МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- “Хабар” телеканалы менен биргеликте кулжа айынын жыйырма сегизинде саат 19:00дө Борбордук концерттик залда Ержан Максимдин биринчи жеке концерти өтөт.

Казакстандык жаш таланттын жаңы композицияларынан башка көрүүчүлөр Муслим Магомаевдин “Синяя вечность” жана Ержандын орусиялык шоусунун финалында ырдаган Лара Фабиандын «Адажио» чыгармаларын да уга алышат. Жаңы чыгып келе жаткан жылдыздын Нур-Султандагы концертин эстрада-симфоникалык оркестр коштойт. Ошондой эле, уюштуруучулар казакстандык воколисттер менен дует жана триолор болорун кошумчалап жатышат.

ГУЛЬМИРА АЛИБЕК, ЕРЖАНДЫН АПАСЫ:

- Албетте, абдан толкунданып жатабыз. Ержандын жети жашында Оралда кайрымдуулук концерти болгон. Ал эми таптакыр башка деңгээл. Бул Ержандын биринчи чоң концерти.

Мындан сырткары, Ержандын күйөрмандарына даректүү тасма да сунушталат. Анын тартуу иштери башталды. Картина бир гана казак тилинде эмес, орус жана англис тилдеринде да көрсөтүлөт.

РИНАТ КЕРТАЕВ, “ХАБАР” АГЕНТТИГИ” АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ержандын жашоосу, анын жолу тууралуу даректүү тасма даярдап жатабыз. Биздин тартуу тобубуз Оралда бир нече уникалдуу кадрларды тарттык. Ошондой эле Москвада биздин жеке кабарчыбыз бар. Концерт учурунда жана биздин телеканалдын эфиринен кийин кызыктуу материал көрсөтөбүз.

Ержандын айтымында, эл аралык сынактарга катышуу мындан ары чыгармачылык жактан өнүгүүгө жана жаңы досторду табууга эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү берет. Орусияда өткөн сынактан кийин жаш талантты белгилүү композитор жана продюсер  Игорь Крутой музыкалык академияга окууга чакырган.