Нур-Султанда «Astana Piano Passion-2019» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Казакстандын борборунда 5-эл аралык классикалык музыка жана жаш пианисттердин фестивалы  “Astana Piano Passion – 2019” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган беделдүү музыкалык жарыштын жеңүүчүлөрү «Астана Опера» театрынын сахнасында сыйланды. Жаш музыканттардын өнөрүнө сынактын ардактуу төрагасы – Орусиянын Эл артисти Денис Мацуев башында турган классикалык искусствонун мэтрлери баа беришти.

Ушул жылы бир дагы катышуучу сыйлыксыз калган жок. Сыйлык жана белектерди сынактын калыстары жаш өлчөмгө карай бөлүштүрдү. Музыкалык жарышка 7 жаштан 18 жашка чейинки пианисттер катышты. Алар Нур-Султанга дүйнөнүн булуң-бурчунан келишкен. Катышуучулардын катарында Орусия, Беларусь, Кытай, Австралия, Түштүк Корея, Канада, АКШ, Жапония жана Европа өлкөлөрүнөн келгендер бар. Белгилей кетсек, биринчи жолу бул сынакта дароо 2 баш байге тапшырылды. Аларга АКШдан келген Адриан Ромофф жана Орусиядан келген Пётр Акулов ээ болушту.

АМИР ТЕБЕНИХИН, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ, РК ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Аталган сынактын пайда болуусу – бул чоң ийгилик. Ошондуктан бул жакка дүйнөнүн булуң-бурчунан агылып жатышат. Казакстандын атынан катышкан жаркын музыканттар болду. Ал эми башка катышуучуларга келе турган болсок, алар өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып мыкты өнөр көрсөтүштү жана алдыңкы орундарга ээ болушту. Алардын келечеги жаркын. Алдыңкы орундарга ээ болушпаса да, бул алар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылды. Жаңы нерселерди үйрөнүп, мындан ары өсүүгө мүмкүнчүлүк берди деп айтууга толук болот.

Сынактын эрежелери боюнча, ар бир катышуучу казак композиторунун бир чыгармасын аткарышы керек болгон. Жогорку чеберчилик жана ички жан дүйнө менен аткарылган канадалык музыканттын оюну көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырып алды.

КЕВИН ЧЕН, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ / КАНАДА:

- Сынактын эрежелерине ылайык мен казак чыгармасын аткардым. Бул Мендыгалиевдин “Домбра жөнүндө уламыш” чыгармасы. Аталган сынак дүйнөгө белгилүү жана ардактуу калыстардын, пианисттердин катышуусу менен өзгөчө кызык болду деп айта алам. Буга чейин казакстандык досторум болгон эмес, бирок ушул сынактын алкагында көп достор менен тааныштым. Алар менен дос болгонума кубанычтамын.

Белгилей кетсек, Astana Piano Passion сынагынын 4 катышуучусу Чайковский атындагы 16-эл аралык сынакка катышат. Ал кулжа  айында Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Foto: www.astana-app.com