«Astana Piano Passion» сынагы

«Astana Piano Passion» сынагы

Жаш пианисттердин бешинчи сынагы – кайрадан Казакстандын борборунда. Аталган сынак «Astana Piano Passion» Эл аралык фестивалдын классикалык музыка жумасынын алкагында өтүп жатат. Сынактын куратору чебер пианист - Денис Мацуев. Ушул жылы сынакка 114 өтүнмө келип түшкөн. Алардын үчтөн бири Орусиядан болсо, жыйырмасы Казакстандан. Ошондой эле бул жылы өз жигердүүлүгүн Кытай, Австралия, Беларусь, Грузия, Украина, Азербайжан, Канада, Түштүк Корея, Монголия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн жаш музыканттары көрсөттү. Уюштуруучулардын айтымында, «Astana Piano Passion» бир гана жаш таланттарды ачпастан, казактын фортепиано музыкасын эл аралык деңгээлде даңазалайт. Сынактын эрежелери боюнча бардык катышуучулар казак композиторлорунун чыгармаларын аткаруусу керек. Аталган иш-чаранын алкагында дүйнөлүк эң мыкты фортепионо мектептеринин мугалимдери мастер-класстарды өткөрүшөт.

ДЕНИС МАЦУЕВ, ПИАНИСТ-ВИРТУОЗ, КАЛЫСТАР ТОБУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Биз тууралуу бүткүл дүйнө билет. Кызыгуу абдан жогору. Быйыл аталган сынак бешинчи жолу өткөрүлүп жатат жана 20 өлкөдөн 114 өтүнмө келип түштү. Ушундай көп сандагы катышуучу бир гана кийинки айда баштала туган Чайковский сынагына катталарын белгилей кетүү керек. Ал жакта да мен пианисттерди баалай турган калыстар тобунда төрагалык кылам. Бул мен үчүн чоң сыймык. Ушул сынактын лауреаттары Чайковский сынагында да өнөр көрсөтөт.

Фото: musicnotes.com