«Altyn Oimaq» республикалык дизайнерлер сынагы

«ALTYN OIMAQ» республикалык сынагына катышууга 50гө жакын жаш казакстандык дизайнер өтүнмө берген. Алардын бири Ирина НЕйбарт. Ал бухгалтер адистиги боюнча окууну бүтүргөн, колдо буюмдарды жасоо менен алектенет. Токуу жана тигүүдөн баштаган Ирина бүгүнкү күндө Атыраунын мыкты дизайнерлеринин бири катары саналат.

Гүлзипа Маханова да чыгармачылык жарышта өз күчүн сынап көрөт. Ал улуттук оймо-чийме менен кооздолгон кийимдерди тигет. Бул сынактын башкы талаптардын бири экиндигин белгилей кетүү керек. Бут кийимден башка жумуштардын бардыгында оймо-чийме белгилери болушу шарт.

ГУЛЬЗИПА МАХАНОВА, ДИЗАЙНЕР:

- Бул сынак дизайнерлерге эң сонун жаңылык. Өз ишин жаңыдан баштаган мен сыяктуу жаш дизайнерлерге жакшы мүмкүнчүлүк. Биздин жаратып жаткан кийимдерибизди калкка жеткирүүгө жардам берет.

Жалпы, «ALTYN OIMAQ» сынагына катышуучулар 6 аталмада чеберчилик сынашат. Ишкердик кийимдин мыкты дизайны, спорттук жана балдар кийими, үйгө арналган токума буюмдар, ошондой эле улуттук жасалгалардын дизайны жана спорттук бут кийим. Сынакка эки аталма боюнча өтүнмө берүүгө болот. Сынактын башкы максаты – улуттук бренддерди даңазалоо жана жеңил өнөр жай индустриясын колдоо.

ДИАНА БОТАЕВА, КИЙИМ ДИЗАЙНЕРЛЕРИНИН «ALTYN OIMAQ» УЛУТТУК СЫНАК ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыр аймактардагы чеберлерге жапырт өндүрүшкө өтүү үчүн негизинен мотивация менен кесиптик жөндөм болушунча керек. Анткени, алар көбүнчө бир гана кийим жасоо менен алектенет. Аларга өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө, аны көпчүлүккө даңазалоого мүмкүнчүлүк берүү – биз үчүн абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө 200гө жакын дизайнер аталган сынакка катышууга кызыктар. Алар өз эмгектери тууралуу видеолорду тартышууда. Бул негизинен жасалгаларды даярдоочулар. Уюштуруучулардын айтымында, «ALTYN OIMAQ» сынагында катышуучунун жашына, анын кесипкөй тажрыйбасына тиешелүү чектөө коюлбайт. Белгилей кетсек, сынакка катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяк оона айында аяктайт, ал эми жеңүүчүнүн аты бештин айынын 25де жарыяланат.

Фото: weproject.media