Нур-Султан – Борбор Азия балетинин борбору

Нур-Султан – Борбор Азия балетинин борбору

Көп сааттык даярдык, ар бир кыймылды кемчиликсиз аткарууга умтулуу, жаркын, өзгөчө спектаклдер. Милана Буканованын ар бир күнү «Астана Балет» театрынын башка да артисттери сыяктуу машыгуудан башталат. Эң биринчи, эрежелер боюнча дене булчуң эттерин кызытуу. Андан кийин даярдык – татаал пируэттерди бышыктоо, аткаруу техникасын жакшыртуу. Күзгү алдындагы ар бир кыймыл жогорку деңгээлге жеткирилет. Себеби, ушундай тажрыйба бийчинин айтымында ийгиликтүү мансаптын далили. Бүгүнкү күндө жаш балерина – театрдын алдыңкы солисттеринин бири.

МИЛАНА БУКАНОВА, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН СОЛИСТИ:

- Мен «Щелкунчик» балетинде, ошондой эле Мукарам Авахринин «Соломеясында» соло да бийледим, көпчүлүк менен бирге да өнөр көрсөттүм. Ал эми «Кармен» балетинде көк Кармендин партиясын аткардым. Бразилиялык хореограф Риккардо Амарантенин спектаклдеринде жеке партияларым бар. Биздин репертуарыбыз мазмундуу, биз классикалык бий, неоклассика, элдик казак бийлерин да бийлейбиз.

2013-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүсү Милана «Астана Балет» театры труппасынын курамына кабыл алынган. Коңшу мамлекеттин өнөрпозу азыр борбордук өнөр жамааты менен бирге дүйнөнүн эң абройлуу сахналарын багындырып, кол чабууларга ээ болуп жүрөт

МИЛАНА БУКАНОВА, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН СОЛИСТИ:

- Казакстандын башкы шаарын Борбор Азиядагы балет борбору деп атаса болот. Ага бир нече себеп бар. Биринчиден, борбордо «Астана Балет» жана «Астана Опера» театрлары сыяктуу өнөр ордолору иш алып барат. Алар эң акыркы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган. Өнөр адамдарынын чыгармачылык менен алектенүүсүнө эң сонун шарттар түзүлгөн. Ушундай шарттарда, казак маданиятын чет өлкөлөрдө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жеткиликтүү. Биздин театр жылына 5-6 жолу гастролдук сапарга чыгып турат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик.

МАЙРА КАДЫРОВА, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН ПЕДАГОГ-РЕПЕТИТОРУ:

- Театрга келген артисттер чындыгында дүйнөлүк деңгээлге чыга алат. Биздин репертуарыбыз аларга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Керек болсо, репертуарды айтпаганда, сахна сыртындагы кызматкерлердин жумушу да абдан маанилүү. Биздин жамаат чет өлкөлүк мугалимдерди чеберчилик-класстарын өткөрүү үчүн атайын чакырышат. Алар өз билгендери менен бөлүшүп, тажрыйбаларын үйрөтөт. Ушундай мектептен өткөн артисттерибиз билип-үйрөнгөндөрүн сахнага алып чыгат.

Бүгүнкү күндө «Астана Балет» театр жамааты ушул өнөрдү сүйгөн дүйнө көрүүчүлөрүнө таанылууга жетишти. Ар түрдүү стиль менен жанрларга негизделген бай репертуары классикалык берметтер, жаңы көз караштагы заманбап хореографиялык спектаклдер менен туруктуу негизде толукталып турат.

Фото: astanaballet.com