«Курчоодо калган виолончель» көргөзмөсү

Максаттары бийик, рухтары бекем ленинграддыктар! Дене боюунан күч-кубаты кеткени менен жигердүүлүгү өчпөгөн душмандын курчоосундагы шаар жашоочуларынын маданий өмүрү. Биринчи Президент китепканасында «Бардыгы Улуу Жеңиш үчүн» деген баатыр шаардын күжүрмөн элинин турмушунан кабар берген көргөзмө ачылды. Графикалык эмгектердин ичинде Дмитрий Шостаковичтин «Ленинград сүйлөйт» деп аталган гравюрасы бар. Театр афишалары менен хореография мектебинин тарбиялануучуларынын фото-сүрөттөрү, музыкалык аспаптар каардуу согуш жылдарында элдин мекен жана өнөргө болгон ыктыярын чагылдырат.

КҮЛАЙША АКТАЕВА, ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТ ЕЛБАСЫ-КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Аталган экспозицияны Тунгуч Президент Елбасы-китепканасы Санкт-Петербург шаарынын театр жана музыка өнөр музейи менен биргеликте жасады. Бул иш-чара «Маданият аркылуу жасалган диалог» аттуу долбоордун алкагында ишке ашырылып, эки жактын ою бир жерден чыкты деп айтаар элем. Бул биринчиден музейдин ичинен чыгарылбаган, абдан өзгөчө тарыхый жана көркөм өнөр экспонаттар фондун көпчүлүккө тааныштыруу камында колго алынган өзөктүү жумуш. Алардын баары Санкт-Петербург музейинде сакталуу. Көргөзмөнүн төрүнөн атактуу блокадалык виолончель орун алган. Биздин долбоорду курчоодо калган ушул аспаптын аты менен атоону туура көрдүк.

Серепчилердин айтымында, блокада адам жаны менен рухунун канчалык бийик экенин бардык дүйнөгө таанытты. Табияттын табышмактуу мүнөзү менен ачарчылыкка туруштук берген эр жүрөк эл кыйынчылыктарга сынып калбастан, руханий баалууктарды жогору коё билди.  Көздөгөндөрү маданий мурасты кийинки урпакка жеткирүү. Ойлору ишке ашып, ошол катаал мезгилдин тилсиз күбөлөрү бизге чейин жетип келди.

АЛЕКСАНДРА АБРАМОВСКАЯ, КӨРГӨЗӨНҮН КОНОГУ / ОФ:

- Абдан таасирдүү көргөзмө. Азыркы тапта абдан өзөктүү тема. Акын Ольга Берггольц айткандай, адамдарды ачарчылык мезгилинде маданият азыктандырган.  Шаарды эч ким душманга таштагысы келген эмес. Бул туулган жердин тарыхына, маданиятына болгон чексиз урмат деп билем. Ошол кезде агартуу иши менен руханий сабаттуулук унутулган эмес. Ушул нерсени көпчүлүктүн эсине салган көргөзмөнү уюштургандарга чексиз алкыш айтам.

Көргөзмөгө жалпы 40ка жакын экспонат коюлду. Ар биринде душманга багынбаган ленинграддыктардын өчпөс руху жатат. Алар менен кулжа айынын экисине чейин таанышууга болот.