Азербайжанда тарыхтан калган топонимдер

Азербайжанда Дешти-Кыпчак жеринен чыккан бабалардын изи бүгүнкү күнгө чейин жетти. Анткени ата-бабалар мекендеген жер-суу аталыштарын өздөрүнүн урууларынын аты менен аташкан. Ошол топонимдер бүгүнкү күнгө чейин сакталган. Мисалы, бир гана Гах облусунда казакча аталышка ээ 10го жакын айыл кездешет.

ИЛХАМ ХАЛИЛОВ, КЫПЧАК АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУСУ / АЗЕРБАЙЖАН:

- Кыпчак айылында төрөлгөм. Бул жерде 300дөн ашуун үй түтүн булатып келет. 700дөн ашуун адам жашайт. Жашоочулардын негизги кесиби  айыл чарбачылыгы. Башкача айтканда, мал багабыз, эгин эгебиз. Өзүбүздү кыпчак уруусунун түз урпагы катары эсептейбиз. Аталарыбыздын айтымында, бабаларыбыз бул жерге 800-900 жыл мурда келген. Ошентип жашап калышкан. Бүгүнкү күндө кыпчак аталышы менен кеңеш түздүк. Анын курамына ушул айланада жашаган жети айыл кирет. Алар менен каада-салтыбыз, тилибиз жана динибиз да бир.

Кыпчак айылына Кайсарлы, Онжайлы, Жалайыр конуштары коңшу жайгашкан. Топонимдерден башка бабаларыбыздын изин архелогиялык казуу иштеринин алкагында табылган экспонаттардан да байкоого болот. Алар Бакудагы Республикалык музейде сакталуу. Жезден жасалган тыйындардан Елдеңиз мамлекетин башкарган кыпчак султандарынын атын көрүүгө болот. Ал эми моңголдордон кийин ушул аймакта жеке өлкө болгон Жалайырлар акчаны алтындан чыгарышкан.

САПАР ЫСКАКОВ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Тарыхтан белгилүү болгондой, 14-кылымда эң чоң казак уруусу болгон жалайыр, моңголдор менен биргеликте ушул жерге токтошкон. Бирок, болжолдуу түрдө 90 жылдан кийин алардын ортосунда бийлик үчүн согуш башталган. Анын натыйжасында жалайырлар тарапка ошол кездеги өкмөт өткөн. Алар биргеликте 70-80 жыл туруктуулукту сакташкан. Жалайырлар Ирандын аймагында жана азыркы заманбап Азербайжандын аймагында жашаган.

Бул чиркөө Кавказ Албандары бийлик жүргүзгөн 6-кылымда тургузулган. Тарыхчылардын айтымында, алар христиан динин кабыл алган түрк тектүү тайпа болгон. Анткени чиркөөдөгү чырым тең бурчтуулугу менен өзгөчөлөнөт жана жасалга үлгүсү да түрктөргө тиешелүү.

ОКТАЙ ЫРЗАЕВ, АЗЕРБАЙЖАН ТУРИСТТИК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Кавказ албандарынын мамлекети биздин заманга чейинки 4-кылымда пайда болуп, биздин замандын 9-кылымына чейин бийлик жүргүзгөн. Алар чыгыштан, башкача айтканда,  Борбор Азиянын түндүгү менен бүгүнкү Казакстандын түштүгүнөн келген. Ошентип, ушул айланада кавказ жана түрктөрдөн турган 25 уруунун башын бириктирген. Чыккан жерине караганда алар түрктөр. Ошондуктан лезгин же армян деп айтууга эч кандай негиз жок. Анын үстүнө алар салган чиркөөнүн бардыгында чырым элине тиешелүү оймо менен өзгөчөлөнөт.

Бабалар изин Азербайжандан тапкан изилдөөчү топтун сапары мындан ары уланат.