Арменияда казак улуттук тамактары даярдалды

Ереванда өзгөчө дасторкон жайылды. Армян ашпоздору казактын улуттук тамактарын даярдап, эки элдин аш тизмелеринин ортосундагы тарыхый окшоштуктарынын бар экенин иш жүзүндө көрсөтүштү. Гастрономиялык цех чеберлери Казакстан менен Арменияны орток мурас бириктирерин белгилеп өтүштү, ошондуктан башка өлкөнүн тамактарын даярдоо алар үчүн эч кандай кыйынчылык жараткан жок.

Армениянын белгилүү башкы ашпозчусу Седрак Мамуляндын айтымында, армян жана казак элдеринин ашканасында окшош тамактар көп. Мисалы, армяндар бастурманы көчмөндөрдөн алышкан. Ал эми Наурыз-көжө курамы жагынан ачыган сүттөн даярдала турган спас көжөсүнө окшош. Бауырсак – бых-быхик, жент – үйдүн халвасы. Аны менен катар, Арменияда палоо менен манты да байма-бай даярдалат. Жергиликтүү ашкана чеберлери даярдаган тамактардан ооз тийген коноктор казак дасторконундагы ар түрдүүлүккө тамшанышты.

ШУШАН ХАЧАТРЯН, ЕРЕВАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АСПИРАНТЫ:

- Албетте ашпозчулук маданияттын бир бөлүгү, бул багытта орток тамактар эки элди жакындатат. Аш бар жерде – береке бар. Казактар көчмөн эл болгон, ал эми армяндар тескерисинче отурукташкан, ошентсе да биздин элдерибиздин ашканасында окшош белгилер бар. Мисалы, эт менен даярдала турган тамактар бирдей деп айтууга болот.

Бул өзгөчө маданий иш-чара Казакстандын Армениядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду. Кеченин конокторуна кайтарда казак элинин калыптанган салты боюнча кешик салынып берилди.

ТИМУР УРАЗАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН АРМЕНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биз былтыр Ереванда метродо өткөрүлгөн фото көргөзмө сыяктуу Нур-Султандын 20 жылдыгына арналган фото-сүрөттөрдүн чакан көргөзмөсүн уюштурдук. Аны менен катар, ар түрдүү өнүмдөрдү сатып, кайрымдуулук иш-чара өткөрдүк, ал эми жыйналган каражатты Норк районунун карылар үйүнө жиберебиз, биз аларга көптөн бери жардам берип келебиз.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө боюнча жаңы идеялар сунушталды.

РУБЕН ПАШИНЯН, «ТУРИСТТИК АРМЕНИЯ» ЖУРНАЛЫНЫН БАШКЫ РЕДАКТОРУ:

- Казакстанды армян туристине, Арменияга сапар жасоого бел байлаган туристке Арменияны жарнамалоо үчүн орток кызыкчылыктарды, орток касиеттер менен белгилерди табуу керек деген идея жаралат, бул кабыл алынган чечимдин туура экендигине ишендирүү керек, жаңы маалыматтарды сунуштоо зарыл, ошондуктан алдыдагы убакытта Казакстан тууралуу көп айтабыз, болушунча маалымат берүүгө аракет кылабыз. Натыйжасында Арменияга келген коноктордун жана тескерисинче, Казакстанга бара турган адамдардын саны өсөт деп ойлойм.

Фото: iamcook.ru