Казакстан киноиндустриясынын ийгиликтүү кадамдары

«Айка» тасмасы Берлинде көрсөтүлдү. Хакише Хёфе кинотеатры көрүүчүлөргө жык толду. Көрсөтүүгө көбү абройлуу эл аралык фестивалдарда мыкты баага ээ болгон эмгекти көрүү үчүн Германиянын ар кайсы аймагынан атайын келишкен. Премьерага Канн фестивалынын мыкты аял ролу сыйлыгынын ээси Самал Еслямова да катышты. Тамак табуу үчүн башка шаарга барган Айка ысымдуу кыргыз кызынын көргөн кыйынчылыктары көрүүчүнү көңүл-кош калтырган жок. Тасманы тартуу жумуштары тууралуу Самал өзү айтып берди. 6 жылга созулган тартуу иштеринин алкагында башкы актриса чач үлгүсүн өзгөрткөн эмес жана диета кармоого туура келген. «Айка» тасмасы Берлинден башка, Лейпциг, Потсдам, Дрезден жана Майнц шаарларында көрсөтүлөт.

САМАЛ ЕСЛЯМОВА, АКТРИСА:

- Алты жыл дегенибиз өмүрдүн бир бөлүгү. Тасманы тартууга абдан көп күч жумшалды. Башкы каармандардын ар бир кыймылы, ар бир сөзү маанилүү. Албетте бул менин жашоомдогу абдан маанилүү роль. Мен бул жерде көрүүчүгө эненин балага болгон сүйүүсүнө эч нерсе жетпесин көрсөткүм келди. Менимче бул жалпы өмүрдүн башкы темасы. Ошондуктан ар бир көрүүчүгө жагарына ишенем. Анткени ар бир адамдын энеси бар.

Ал эми Нур-Султанда Сан-Франциско киноакадемиясын бүтүргөн казакстандык режиссёр Мурат Есжан өз эмгектерин тааныштырды. Тасманын бири «Бир күнү Парижге кетем» деп аталат. Коомдук желе темасын козгогон эмгек Франция борборунда жашагысы келген кыздын кымгуут тиричилигин баяндайт. Аны менен бирге, «Болашак» программасынын бүтүрүүчүсү жаш жазуучу Лирса Хонстын «Тыйын» аңгемесинин негизинде тартылган тасманы жарыкка чыгарат. Бул  картинаны «Казакфильм» каржылаган.

МУРАТ ЕСЖАН, РЕЖИССЁР:

- «Тыйын» тасмасы көрүүчүнү терең философиялык ойлорго жетелейт. Мисалы, баланын тагдырына болгон кооптонуу, кызыкчылыктарды туура коё билүү жана өз максаттарыңдын, ишке ашпаган кыялдарыңдын аркасынан чуркап жүрүп баланын тагдырын талкалап албоо. Адамдар өз алдынча ой жүгүртүп тиешелүү чечимге келиши керек. Ошондой эле, чечимдер ар кимге ар кандай келет. Эң башкысы, сиздин тасмаңыз адамдарды жаман ойлорго түртпөшү зарыл.