Алтын адам Ташкентте

Өзбекстандагы Казакстан жылына карай Ташкентте “Улуу талаа, тарых жана маданият” аттуу көргөзмө ачылды. “Алтын адамдын дүйнөдөгү музейлерди кыдыруусу” долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарада Есик айланасынан табылган Сак жоокери менен алтын буюмдар, темир дооруна тиешелүү экспонаттар коюлду. Биринчи Президент Нурсултан Назарбаев да өзүнүн “Улуу талаанын жети кыры” аттуу макаласында Сак жоокерин өзгөчө белгилеп өтүп, тарыхты тереңирээк изилдөөнү тапшырган.

КАМОЛА АКИЛОВА, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул көргөзмө Казакстанды таптакыр башкача, жаңыча жагынан ачып, көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Казакстандагы көчмөн эл цивилизациясын, маданиятын көрсөтө алды. Бул биздин улуттук маданиятыбызды толуктай түштү. Анткени заманбап жараянда маданий диалог гана жаңы стилдеги өнөр эмгектеринин дүйнөгө келүүсүнө негиз болду. Аны менен катар, эки өлкө башчысынын бири-бирине болгон ишенимдүү колдоолору маданий байланышты жигердүү жандандырат деп ойлойм.

Жалпы көргөзмөнүн биринчи күнү «Алтын адамды» көрүүгө келген элдин катары калың болду. Дүйнө жүзүн кыдырган саякатчылар да таң калганын жашырган жок. Аларга Улуу талаа тарыхы менен бүгүнкү ийгиликтери тууралуу маалымат берилди. «Алтын адам» казак тарыхынын сак доорунан башат алганын далилдейт. Улуттук тарыхты жаңыртып, түпкү текке жаңыча көз карашты калыптандырат. Өзбекстандын Чыгармачылык музейинде өткөн көргөзмөгө «Алтын адам» менен бирге Казакстан Республикасынын Улуттук Музей фондунан 100дөн ашуун экспонат коюлду.

ЮЛДУЗ ШАМСУДИНОВА, ТАШКЕНТ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Биз Казакстан талаасында ушундай байлыктар бар деп ойлогон эмеспиз. Аны кандай чеберлер жасаган деген суроо пайда болот. Бардыгы өзгөчө, абдан кылдат зергерчилик эмгек, биз чындыгында бул нерсеге таң калуу менен карап жүрөбүз.

Көргөзмө жалпы бир нече бөлүктөн түзүлгөн. Ал жерде Казак этнографиясы менен Алтын жана Күмүш залдары бар. Талаа цивилизациясынын тарыхы менен өткөнүнүн көрүнүшү. Сунушталган буюмдардын көбү жырткыч стилинде жасалып, жаныбарлар кейпи аткарылып, алтын менен капталган. Бул ошол доордо казак талаасында кол өнөрчүлүктүн өзгөчө өнүккөнүнөн кабар берет.

АЛМАЗ НУРАЗХАН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- Сеулда жүргөн кезимде, биздин элдердин ортосунда окшоштук бар экенин  байкагам. Мен абдан таң калгам. Ал эми Өзбекстан – бул боордош өлкө, биздин тамырыбыз бир, бул жерде бизди абдан жылуу кабыл алып жатышат. Биздин түштүк коңшубуз да өз искусствосун биздин өлкөдө көрсөтүүгө абдан кызыктар. Биз меморандумга кол койдук.

«Алтын адамды» дүйнөгө таанытуу долбоору дагы да уланат. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө болгон. Алдыда АКШ, Италия, Австрия, Франция жана Германия музейлеринде өткөрүү мерчемделип жатат. Ал эми Ташкенттеги “Улуу талаа, тарых жана маданият” аттуу көргөзмө бир ай уланат.

Фото: inform.kz