“Улуу талаанын боёктору” Парижде

“Улуу талаанын боёктору” Парижде

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Казакстанга арналган көргөзмө өттү. “Улуу талаанын боёктору” экспозициясында бүтүндөй Азиянын жаш сүрөтчүлөрүнүн жана атамекендик фотографтардын мыкты эмгектери коюлду. Эл аралык чыгармачыл фестивалдын катышуучуларынын арасында Казакстанды бир да жолу көрбөгөн авторлордун бар экени таң калтырды.

СЕРКАН АЯЗБАЕВ, ЮНЕСКО КЛУБДАРЫ УЛУТТУК ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин борбор шаарыбызга кызыгуу артып жатканы биз үчүн кубанычтуу. Калыстар тобуна жеңүүчүнү тандоо өтө кыйынга турду. Тандоодо Кытай, Индия менен Казакстандын сүрөтчүсү болду. Бизге кыйын болду. Анткени альбомго 635 эмгек кирди. Бирок 8 миң сүрөт келип түшкөн.  

Париждеги экспозиция – ЮНЕСКО клубдары федерациясынын жана Биринчи Президенттин Фондунун биргелешкен жумушунун натыйжасы. Жаш сүрөтчүлөрдүн бейнелерин таанымал авторлордун пейзаждуу сүрөттөрү толуктады. Уюштуруучулардын пикиринде, мындай синтез Казакстандын кооз табияты менен тааныштыргандан сырткары, маданий баалуулуктары тууралуу да жакшы пикир калтырат.  

СЕРГЕЙ ТОХТАРОВ, РК ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ ФОНДУНУН ӨКҮЛЧҮЛҮК МҮДҮРҮ:

- Эң кызыгы, көргөзмөнүн авторлору балдар менен жаштар. Алар Тунгуч Президент Нурсултан Назарбаев баштаган Казакстандагы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү улантуучулар. Ушул долбоордун аркасы менен дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөнүн таланттуу жаштарынын көз карашы аркылуу азыркы Казакстандын жаңы кырларын ача турганына ишенебиз.

Чет өлкөлүк дипломаттар менен Франция борборунун жашоочулары көргөзмөнү көргөндөн кийин Казакстанга саякат жасоону ойлонуп жатышканын да жашырган жок. Алар учу кыйыры жок талааны, кооз табиятты, өзгөчөлөнгөн маданиятты жана өлкөнүн баш калаасынын укмуштуудай архитектурасын көрүүгө ашыгууда.

КЛАУДИА РАЙНПРЕХТ, ЮНЕСКОНУН АЛДЫНДАГЫ АВСТРИЯНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Мен Казакстан абдан кенен өлкө экенин билгем, бирок бул эмгектер чындыгында эле Казакстан өзүнчө бир дүйнө экенин көрсөтүп турат. Бул абдан керемет. Ушундай сонун өлкөнү сүрөт аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума ыраазымын.

Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын айтымында, мындай иш-чаралар эл аралык деңгээлде Казакстандын таанымалдуулугун арттырууда өтө маанилүү. Ошондуктан ушул багытта биргелешкен иштер мындан ары дагы уланат.

Фото: yunews.kz