Маданий туризмди өнүктүрүү

Маданий туризмди өнүктүрүү

Сахна сыртындагы өмүр. «Астана Балет» театрынын экскурсиялык программалары көпчүлүктүн арасында өзгөчө белгилүү болду. Бир нече айдын ичинде алар казакстандыктардын гана эмес, чет өлкөлүк коноктор тарабынан да жогорку кызыгууну жаратты. Нур-Султанга саякатчыларды көп санда тартуу максатында театр бир катар туристтик уюм менен тиешелүү меморандумга кол койгон.

РЫСТЫ КАРАБАЕВА, ЕВРАЗИЯЛЫК ТУРИЗМ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Маданий объекттердин арасынан «Астана Балет» биринчи болуп ушундай меморандумга кол коюп шаар тургундарына, туристтерге, туристтик компанияларга арнап экскурсиялык тур уюштурду. Баасы жакшы болду. Шаарыбыздын маданий очокторун кыдырып көргүсү келген адамдар арбын. Менимче алар туристтерди тартууга түрткү берет.

Театр башчылыгы белгилеп көрсөткөндөй, кол коюлган келишимдер борбордун, жалпы өлкөнүн туристтик кластеринин тартымдуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

АЛЕКСАНДР СОВОСТЬЯНОВ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бул багыттын келечеги жаркын деп ойлойм. Биз туруктуу негизде фото көргөзмөлөр, экскурсиялык программаларды уюштуруп турабыз. Алардын темалары ар түрдүү. Алдыдагы убакытта «Астана Балетте» театр көргөзмөлөрүн өткөрүү мерчемибизде бар. Кызыктуу долбоорлорду ойлонуп жатабыз. Ошондуктан быйыл жана кийинки жайда борборубузга келе турган туристтер милдеттүү түрдө биздин театрга келип, кызыктуу экскурсияны көрүп, руханий жактан азыктанып кайтары шексиз. Азыр ушул багытта иш алып барып жатабыз.

«Сүйүү уламышы», «Золушка». «Астана Балет» өнөр сүйгөн коом үчүн жаңы спектаклдерди даярдап жатат. Ошондой эле, чакан спектаклдерди театрдын экскурсиялык программасына киргизүү каралууда.

Фото: astanaballet.com