«El Arna» телеканалына - 2 жыл

«El Arna» телеканалына - 2 жыл

Казакстандын “Алтын фондундагы” мыкты тасмалар, ата мекендик кино классикасы менен заманбап кино тасмалар. Мунун барын 24 саат бою “Ел Арна” теле каналынан көрүүгө болот. Биринчи 2 жыл ичинде телеканал казакстандыктардын өмүрүнө терең аралашты. Ушул убакытта кино сүйүүчүлөрү жүздөгөн тарыхый, даректүү, көркөм чыгармалар менен тематикалык программаларды көрө алышты. Аны менен бирге,  киномандар үчүн Казакстан гана эмес, Борбор Азия жана Түрк дүйнөсүнүн да кино өнүмдөрү көрүүчүлөргө жол алды.

АРМАН СЕЙИТМАМЫТ, «EL ARNA» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Буга кошо, биз Латвия киносунун жумасын уюштурууга жетиштик. Бул салтты быйыл да улантууга кызыктарбыз. Аны менен катар, дүйнөлүк классикалык кино жумалыгын жасоону мерчемдеп жатабыз, башкача айтканда бул «Оскар» сыйлыгына, Канн жана Берлин кинофестивалдарына сунушталган  тасмалар болот.

Сахна өнөрүнүн күйөрмандары үчүн  эң сонун жаңылык. Ушул жылдан баштап «Ел арнанын» эфиринде театр спектаклдери менен сахна сыртындагы кымкуут жашоосунан түз көрсөтүлүүлөр жасалат. 

АРМАН СЕЙИТМАМЫТ, «EL ARNA» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бул дегенибиз, бир гана казак театрларынын гана эмес, орус, немис, уйгур, корей театрларынын спектаклдери, ага кошо эс алуу күндөрү биз куурчак театрларынын чыгармаларын, спектаклдерин тартууну жана көрсөтүүнү мерчемдеп жатабыз. Албетте, балдар үчүн.

Белгилей кетсек, El Arna жаш кинорежиссерлорду колдоого өзгөчө көңүл бөлөт. Өзүнүн туулган күнүнө карай телеканал, кыска метраждуу оюн-зоок жанрындагы тасманын мыкты сценарийине сынак жарыялайт. Ошол сценарий боюнча тасма тартып, аталган картина Борбордун күнүндө жарыкка чыгат.

Фото: 24.kz