«Central Asia’s Got Talent» долбоору старт алды

«Central Asia’s Got Talent» долбоору старт алды

Борбор Азия таланттарды издейт. Нур-Султанда уникалдуу жаңы телевизиондук долбоор өз ишин баштады. Долбоор “Central Asia's Got Talent” деп аталат. Анын таныштырылымы  Казкстандын Борбордук Коммуникациялар Кызматынын маалымат-борборунда өлкөнүн эң ири медиа-холдинги болгон “Хабар” агентигинин катышуусу менен өттү. Долбоордун өнөктөштөрү Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген коноктордун ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

РИНАТ КЕРТАЕВ, “ХАБАР АГЕНТТИК” АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Долбоор чоң интеграциялык мааниге ээ. Себеби Борбор Азия таланттарды издейт долбоорунун аркасында биз коңшу өлкөлөрдү жакындан таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Ал эми ар кайсы маданияттарды алып жүргөн адамдар үчүн – бул өзүн көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.

НАРГИЗА КАСЫМОВА, «ТВ САФИНА» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК БӨЛҮМ ЖЕТЕКЧИСИ/ТАЖИКИСТАН:

- Менин оюмча бул долбоордун аянты бизге башка мамлекеттердин жеке эле маданияты, салты, жөрөлгөлөрү жана үрп-адаттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербестен, бири-бирибизди жакындан таанууга жол ачат. Бул долбоордо биз ар кайсы өлкөдөн келген катышуучуларга, бардык мамлекеттерге күйөрмандык кылабыз. Биз сапатка, укмуштуудай эмоцияларга жана эң сонун өнөргө күйөрман болобуз.

Долбоордун башкы продюсеринин айтымында шоунун жеңүүчүсү жеке эле атак-даңкына, миллиондогон көрүүчүлөрдүн жылуу ыкласына гана ээ болбостон, көрүнүктүү акчалай сыйлык жеңип алат.

Фото: 24.kz