Тарыхый имаратка виртуалдуу саякат

Тарыхый имаратка виртуалдуу саякат

Оралдагы Гарифолла Курмангалиев атындагы облустук филармониянын имаратын эми дүйнөнүн каалаган чекитинде олтуруп көрүүгө болот. «Виртуалдуу тур» атуу долбоордун жардамы менен тарыхый имараттын ичи менен сыртын, бардык концерт залдарын 3D мейкиндигинде кыдырып көрө аласыз.

АСХАТ КАЖЫГАЛИЕВ  Г. КУРМАНГАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ОБЛУСТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН МҮДҮРҮ:

- Филармониянын имаратына келбестен, үйдө олтуруп эле биздин филармониянын сайтына кирип, интернет аркылуу виртуалдуу тур жүргүзүп филармониямызды толук көрүүгө болот.

Бул мыкты иш Казакстандын эл артиси, улуттук операнын пайдубалын түптөгөн атактуу өнөр ишмери Гарифолла Курмангалиевдин туулганына 110 жыл толуусуна карай уюштурулуп жатат.

САУЛЕ ТАУДАЕВА, Г.КУРМАНГАЛИЕВДИН ШАКИРТИ:

- Ушул жылы  Гарифулла Курмангалиевдин төрөлгөнүнө 110 жыл толуп жатат. Мен анын классында 1979-1981-жылдары билим алгам. Гарифулла Курмангалиев эч качан унутулбайт. Себеби азыркы биздин заманбап жашообузда улуттук искусствого болгон суроо-талап өсүп жатканы байкалууда. Улуттук музыкаларды аткарып жаткан ырчылар пайда болуп жатат.

Фото: uralskweek.kz