Улуу талаа тамактарынын иш-чарасы

Улуу талаа тамактарынын иш-чарасы

Казактын улуттук аш үйүндө көпчүлүккө белгилүү өнүм мурда да, азыр да эт саналат. Түркияда «Улуу талаа тамактары» иш-чарасынын алкагында табак тартуу жараяны жасалып, келгендерге меймандостук көрсөтүлдү. Өлкөнүн башкы шаарынын ашпозчулары Анкарада дасторконду көркүнө чыгарган улуттук тамактар менен бирге казактын унутта калып бара жаткан аш тизмелери менен тааныштырды.

ГҮЛМИРА ШАЖАНБАЕВА, УЮШТРУУЧУ:

- Биринчи жолу Улуу талаа тамактарынын фестивалын өткөрүп жатабыз. Өзүбүз менен бирге 120 килограмм жылкы этин алып келдик. Арасында ышталган жана ышталбагандар бар. Мындан сырткары 30 литр кымыз менен шубат да алып келинди. Дагы башка тамактар бар.

Ашканасы өтө бай түрк журтун тамак менен таң калтыруу оңой эмес. Европа менен Азия континентинин ортосунда жайгашкан мамлекетти чыныгы маданияттын очогу десе болот. Ошондуктан бул өлкөнүн аш тизмесине бардык тамак түрлөрү  киризилген. Ошентсе да, иш-чарага жыйналган коом бул жолу жылкы этинен жасалган тамактардын даамын биринчи жолу татып көрүштү.

ФУЛИЯ САГЛЫК, АНКАРА ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Биздин түбүбүз бир, тарыхыбыз менен тилибиз орток. Ошентсе да, аш тизмебиз өзгөчө экен. Себеби, биз уй жана кой этин колдонобуз. Жылкы этинин даамын биринчи жолу татып жатам. Абдан жакты. Буга чейин жылкы этин жегендердин иммунитетинин мыкты болорун уккам. Ден соолук тармагынын кызматкери катары бул мен үчүн өтө маанилүү.

МУХАРРЕМ ТУНА, АНКАРА ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Кымыз менен шубат ичтим. Ушундай органикалык тамактарды бизде айыл аймактарында даярдалат. Өзүм, алардын дамын айранга окшоштурдум.

ВЕЙСЕЛ СЕЗЕН, АНКАРА ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Казактын улуттук тамагы – эт жедим. Мага жакканы, эттер майлуу болуп көрүнгөнү менен, ашказанга оор келбейт экен. Ушундай иш-чаралар байма-бай ишке ашып турса, Казакстандан келген тамактардын даамын татууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Бүгүнкү күндө Түркияда бардык түрк тилдүү өлкөлөрдүн ашканаларын кездештирүүгө болот. Ошентсе да, буламык, ышталган жана сүрсүтүлгөн этти көрө албайбыз. Аны менен катар, иш-чаранын алкагында Анкарада түзүлгөн «Отау» өнөр тобунун атайын сахналаштырылган спектаклдерин уюштурду.