Нооруз майрамы адамзаттын руханий баалуулугу

Нооруз майрамы адамзаттын руханий баалуулугу

Нооруз майрамынын эң маанилүү каармандарынын бири Кыдыр ата. Байыркы уламыштарга ылайык, бул ыйык ак сакал карыянын келиши менен ар бир үйгө жылуулук жана кубаныч келет. Улустун улуу күнүн даңазалоо Теңирчилик таанымдан башат алат. Маданият таануучу, этнолог Серик Ергали ушундай пикирди карманат. Адис сөзүнө далил катары Алматы шаарынан жүз жетимиш чакырым алыс аймакта жайгашкан Аңыракай кырында табылган мүрзө үстүндөгү ташты келтирип жатат. Байыркы эстеликте теңирчиликке байланыштуу көрүнүштөрдү көрүүгө болот.

СЕРИК ЕРГАЛИ, МАДАНИЯТ ТААНУУЧУ, ЭТНОЛОГ:

- Алар бири-бирине колун сунуп учурашайын деп жатат. Эгерде аны радионуклиддик ыкма менен өлчөй турган болсок аны 5 миң жылдык дешет. Менимче ал кем дегенде жети, сегиз, он миң жылга барса керек. Бул Шумер, Бабыл маданиятынын алдындагы жазма. Башкача айтканда, менин оюмча Нооруз майрамынын төл документин биздин ата-бабабыз таштап кеткен. Ал жерде уй жылы чагылдырылган. Жаңы туулган музоо жазды билдирүүдө. Ал жылдын башын, жалган куран айын көрсөтөт.

Нооруз – табияттын жаңыруусун көрсөткөн майрамдардын бири. Адамзат тарыхында жаңы жылды белгилөө байыркы Египет доорунда да, Рим Империясы да ушул убакытка туура келгени белгилүү. Түрк тилдүү өлкөлөрдө бул майрам ыйык катары саналат. Боордош элдердин аймактарында байыркы салттын калдыктары баштапкы калыбында сакталып келет. «Нооруз» сөзүнүн мааниси фарс тилине которгондо «жаңы күн» деген түшүнүктү берет.

МАДЖИД САБЕР, КАЗАКСТАНДАГЫ ИРАН ЭЛЧИСИ:

- Биз майрамга бир ай калганда камданып майрамдап баштайбыз. Жаңы жылдык кийимдер даярдалып, үй ичин күзгүдөй кылып тазалайбыз. Белектерди камдап, базарлыктарды даярдайбыз. Улуттук тамактарга бай дасторкон жайып конокторду тособуз. Өлкөнүн деңгээлинде улуттук оюндар, майрамдык концерттер өтөт. Жогорку деңгээлде белгилөө үчүн 13-14 күн бою эс алуу жарыяланат. Эң негизгиси байыркы салтты жаңыртууга маани берилет.

Байыркы замандардан келе жаткан, жер жарылып чөп чыккан, желин жарылып сүт чыккан, ырыскыга толгон күндү Кара деңиз, Кавказ, Борбор Азияда жана Жакынкы Чыгышта 300 миллиондон ашуун адам салтка ылайык үзбөстөн майрамдап келет. БУУнун чечими менен Нооруз эл аралык майрам даражасын алып, ЮНЕСКОнун сунушу менен адамзаттын руханий баалуулугу деп таанылганы белгилүү.

Фото: advantour.com