Орусиядагы этно ийрим

Орусиядагы этно ийрим

 

Төшөк, баштыкча, камзол. Орусиянын Челябинск облусунда улуттук кийимдерди тигүүнү үйрөтө турган этно ийрими иштейт. Сара эненин колунан чыккан төшөктөр өзүнүн оймо-чиймелери жана көздүн жоосун алган кооздугу менен өзгөчөлөнөт. Эми ушул өнөрдү кыз-келиндер төшөк тигип, курак салып, улуттук кийимдерди жасоону үйрөнөт.

КАМИЛА БИСЕНБАЕВА, ЧЕЛЯБИНСК ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Оймо-чиймелерди салабыз, камзол жана баштыкчыларды тигебиз. Апалар бизге көрсөтүп, үйрөтүшөт.

Этно ийрими жайгашкан бөлүмүнүн тардыгына карабастан, келүүчөрдүн саны аз эмес. Ийримдин жетекчилерин жаштардын улуттук өнөргө болгон кызыгуусу өсүп келе жаткандыгы кубандырат.

САРА АБДИРАХМАНОВА, ШААРДЫН ЖАШООЧУСУ:

- Биз жаштарга өзүбүздүн билген жана үйрөнгөндөрүбүздү өткөрүп берүүнү каалайбыз. Аталган байыркы өнөрдүн сырларын терең үйрөнүүгө кызыктар болгон жаш кыздардын бар экендиги абдан кубандырат.

Аны менен катар коңшу аймактагы мектептерде алдыдагы жылы казак тилин окута турган интерактивдүү класстарды ачууну да пландоодо.

КОНЫСБЕК ЖҮСИПБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН ОРУСИЯДАНЫ КОНСУЛУ:

- Сөз этникалык казактар көп жашаган конуштар тууралуу болуп жатат. Дал ошол аймактарда интерактивдүү класстарды ачууну көздөп жатабыз. Биз каалоочуларды керектүү адабият менен камсыз кылабыз.

Бүгүнкү күндө Челябинск облусунда 34 миң казак жашайт. Казакстандыктардын эне тилин унутпай, каада-салттарды сактоосуна бул ийримдер менен класстардын пайдасы да көп болот. Алдыдагы убакытта окуу сабактарына улуттук кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрүн киргизүү да пландалууда.

Фото: baq.kz