«Миниатюралык пластика» көргөзмөсү

«Миниатюралык пластика» көргөзмөсү

Тарыхый инсандар, казак жомоктору, элдик эпостор менен уламыштардын сүйүктүү каармандары. «Миниатюралык пластика». Астанада ушундай аталыштагы көркөм-колдонмо өнөр эмгектердин көргөзмөсү ачылды. Өзгөчө экспозицияга иштетилген жыгач менен сөөктөн сүрүп-кырылып жасалган чакан айкелдер коюлган. Бардыгы 60тан ашуун эмгек. Бул  казакстандык сүрөтчү Руслан Жүнисов менен устанын жолун жолдогон шакирттеринин эмгектери.

РУСЛАН ЖҮНИСОВ, ЖЫГАЧ МЕНЕН СӨӨК ОЙМОЧУ ЧЕБЕР:

- Миниатюралык айкелдер оюу өнөрдүн абдан кызыктуу багыттарынын бири. Бул ыкма Казакстанда жаңыдан өнүгүп жатат. Тилекке каршы, мен азырынча чакан кейиптик буюмдарды жасоого көңүл бөлгөн жалгыз сүрөтчүмүн. Бирок ага кызыгып жаткандар жок эмес. Мен кызыктар болгон жаштарды ушул өнөрдүн сырларын үйрөтүүнү колго алдым. Максат – ушул багыттын аймагын кеңейтүү. Алдыдагы убакытта Жээренче чечен, Кожанасыр, Тазша бала сыяктуу уламышка айланган эпостук ырлардын каармандарынын кейпин жасагым келет.

Руслан Жүнисов казактын ооз эки адабиятынын көрүнүктүү каармандарын көптөгөн көргөзмөлөрдө таанытып келет. Бүгүнкү күндө анын чакан айкелдери АКШ, Нидерланды, Германия, Орусия жана Украинанын жеке коллекционерлеринин колунда, музей фонддорунда сакталуу. Ата мекендик чебер аталган көркөм өнөрдү казакстандык жаштардын жан дүйнөсүнө сиңиртүүнү максат кылып жатат. Астана менен шаардын коноктору өзгөчө эмгектерди алдыдагы айдын он бешине чейин көрө алышат.

Фото: sputniknews.kz