Москвада «Улуу Талаа алтыны» көргөзмөсү өттү

Москвада «Улуу Талаа алтыны» көргөзмөсү өттү

Москвада «Улуу Талаа алтыны» көргөзмөсү өттү. Анда казакстандык археологдордун уникалдуу ийгиликтери көпчүлүктүн назарына сунушталып, адистердин жогорку кызыгуусун жаратты. Экспозицияда Берель, Шиликти жана Елеке сазы коргондорунда табылган жасалгалар, курал-жарак менен турмуштук буюмдар бар. Чыгыш Казакстан облусундагы ушул мүрзөлөрдү археологдор Берелдеги падышалар аянты деп аташат. Археологиялык мааниси жогору буюмдардын бардыгы казак талаасында эки жарым жыл мурун өмүр сүргөн көчмөндөрдүн маданиятынан кабар берет.

СЕРГЕЙ КАРПОВ, ММУ ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул Чыгыш Казакстан аймагында жашаган элдердин байыркы тарыхый түп тамырын, ушул маданияттын терең эстетикалык негизин көрсөткөн эстеликтер. Биринчи даражадагы эстеликтер деп айтсак ашыкча болбойт. Алар адамзаттын бүткүл маданиятын байытып, тарыхый жана эстетикалык жактан алып караганда жогорку кызыгуу жаратат.

Артефакттарга орусиялык адистер мурунтан кызыгып келишкен. Көргөзмөнүн негизги экспонаттарынын бири – 2003-жылы Шиликтиден табылып, калыбына келтирилген «Алтын адам» экспонаты. Ал Елеке сазы коргонунда табылган. Серепчилердин божомолу боюнча, алар мукабасы калың тарыхтын жаңы барагын ачат. Династиялык жоокердин бардык кийимдери майда алтын мончок жана кооз жасалгалар менен кооздолгон. Окумуштуулардын пикири боюнча, байыркы чеберлердин колунан чыккан уникалдуу эмгектер ошол доордун жогорку деңгээлде өнүккөн маданиятын көрсөтөт.

АБДЕШ ТӨЛЕУБАЕВ, АРХЕОЛОГ:

- Бул буюмдарды бири-бирине жабыштыруу үчүн ийненин көзүндөй гана өлчөмү бар данекердегич курал менен 1050-1100 градус температура керек болгон. Башкача айтканда, бул Казакстандын  металлургдары, болжол менен 2800 жыл мурун микроданекердегич менен иш алып баргандыгын билдирет.

Берель жылкысынын сөөгү тартылган зооттун калыбына келтирилген нускасы адистерди абдан кызыктырды. Ошол доордогу экспонаттардын оймо-чиймелерине карап, Тарбагатайдан баштап Алтайга чейинки көчмөндөрдүн орток руханий негизи болгонун айтууга болот. Түрк дүйнөсүнүн бешиги катары саналган бул аймактын казак тарыхы үчүн гана эмес, Евразиядагы башка элдер үчүн да мааниси жогору.

ИМАНГАЛИ ТАСМАГАМБЕТОВ, КАЗАКСТАНДЫН ОРУСИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бул өтө чоң болбогону менен, абдан маанилүү экспозиция деп айтууга болот. Евразия мейкиндиги арасында эң биринчи Казакстан аймагында миң жылдыктар бою калыптанган бай тарыхый-маданий мурасты көрсөтүп жатат. Чыгыш Казакстан облусундагы Берель коргондорунан табылган артефакттардын бүткүл дүйнө боюнча альтернативасы жок.

ИРИНА ВЕЛИКАНОВА, ОРУСИЯ ЗАМАНБАП ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙИНИН ЖАЛПЫ МҮДҮРҮ:

- Албетте бул чыныгы шедевр жана алардын табылышы – Казакстандагы заманбап археологиянын өнүгүү деңгээлин көрсөттү. Окумуштуулар, археологдор, калыбына келтирүүчүлөрдүн үзүрлүү эмгегинин аркасында москвалыктар менен шаар коноктору сак маданиятынын элиталык эстеликтерин, талаа ээлеринин жашоосун көрүштү.

«Улуу Талаа алтыны» көргөзмөсү жалган куран айынын жыйырма төртүнө чейин уланат. Бирок коомчулуктун кызыгуусуна байланыштуу уюштуруучулар анын убактысын узартышы мүмкүн.

Фото: liter.kz