Амал майрамы эл аралык деңгээлде белгиленди

Амал майрамы эл аралык деңгээлде белгиленди

Бүгүн эски жыл санагы боюнча Жаңы жылдын башталышы - Амал айы. Казакстандын батышында салттуу түрдө майрамдалган бул мааракени маңгыстаулыктар быйыл эл аралык деңгээлде белгилешет. Бул күндөрү алыстагы туугандары менен кучакташып, көрүшүү үчүн Атырау, Алтай, Арка жана Алатау ортосундагы Алты Алаштын балдары Маңгыстаунун эң бийик жери Отпантаунын чокусуна чогулушту. Жыйынга Орусия, Өзбекстан, Түркия жана Кыргызстандан делегациялар келишти. Актаудан Отпантауга чейин атчан Улуу көч 140 чакырым жолду басып өтүштү. Улуттун улуу инсандары, каада-салты, фольклор менен атка минүү салты ушул көчтөн байкалат.

ПАНИЯ САРМУРЗИНА, ОБЛУСТУК МАДАНИЯТ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Тоонун чокусунда кыркка жакын боз үй тигилди. Салттуу жыгач үйлөрүбүз да бар. Ал жерде келген конокторубузду кабыл алабыз. Аны менен катар тоонун чокусунда республикалык деңгээлдеги кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт. Акындар, салттуу ырчылар да келишет. Келген коноктордун бардыгы иш-чараларга катышып, улуттук жарыштарга күбө болушат.

БЕКБОЛАТ ТӨЛЕГЕН УУЛУ, МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ КОРУКТУН ӨКҮЛҮ:

- Бул – улуттук майрам. Чет өлкөлүк конокторубуз казак каада-салттарыбызды, улуттук кийим–кечелерибизди, элибиздин аталган майрамды кандай белгилей турганын көрүшү керек. Бул чындыгында этнографтар, тарыхчылар жана археологдор үчүн ачык асман алдындагы музей.

Фото: martebe.kz