«Астана Операда» «Музыка өнөрүнүн берметтери» концерти өттү

«Астана Операда» «Музыка өнөрүнүн берметтери» концерти өттү

Астанада опера өнөрүнүн берметтери жаңырды. Классикалык ыр дүйнөнүн берметтерин көпчүлүккө белгилүү Мария Мудряк менен Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Медет Шотабаевдин аткаруусунда угуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Алтын үндүү ырчыларды симфониялык оркестр коштоду. Кечеге дүйнөгө белгилүү Белгиялык дирижёр Илья Машкевич жетекчилик кылды. Белгилей кетсек, бул атайын чакыртылган маэстронун Казакстандагы биринчи өнөр көрсөтүүсү. Анын жогорку чеберчилигине Орусия, Жапония, Франция, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн өнөр сүйгөн коому таң калышкан. Анын жетекчилиги менен жергиликтүү көрүүчү Чехия өлкөсүнүн улуу обончусу Антонин Дворжактын 9-симфониясына күбө болушту. Талант ээсинин айтымында, фондундагы бул чыгарма көпчүлүктүн суранычы боюнча абдан көп аткарылат. Чыгарма обондуулугу менен өзгөчө.

ИЛЬЯ МАШКЕВИЧ, ДИРИЖЁР / БЕЛЬГИЯ:

- Мен композитордун көздөгөнүн өзүмдүн түшүнүгүм боюнча ишке ашыргым келди. Ал жөн эле ноталар менен жазылган жолдорду ойной салуу эмес, анын ичинде камтып жаткан жаңы нерселерди алып чыгуу. Албетте калыптанып калган салттан алыстабастан, өз көз карашың менен жаңы жактарын ачууга болот.

Кийинки айда казакстандык операнын берметине айланган Мария Мудряк 25 жашка толот. Чыгармачылыкка жигердүү киришкен өнөрпоз убакытынын тардыгына карабастан, күйөрмандарын көңүлдөн сырт калтырбоого аракет кылат. Чын куран айынын он тогузунда «Астана Опера» сахнасында Пуччининин «Богемасын» сунуштоо менен бирге Орусиянын чоң театрында өз өнөрүн көрсөтөт.

МАРИЯ МУДРЯК, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН СОЛИСТИ:

- Мен өткөн менен ушул чак жана келечекти айкалыштыргым келет. Башкача айтканда, «Дон Паскуаль» операсы менен өткөнүм, Австралияда биринчи жолу ойногонум «Фауст» чыгармасы бүгүнкүм болсо, Леоноранын «Трубадуру» алдыдагы мерчемим. Ал жердеги аткара турган каармандарымдын баары жан дүйнөмө абдан жакын. Сахналаштыра турган партияңды сүйбөсөң, анын оюн жеткирүү мүмкүн эмес деп эсептейм.

Фото: inform.kz