Байкоңур атактуу ирландиялык фотографтын көзү менен

Байкоңур атактуу ирландиялык фотографтын көзү менен

Байкоңур атактуу ирландиялык фотографтын көзү менен. Москвадагы Космонавтика музейинде биринчи жолу «Возвращение» көргөзмөсү уюштурулду. Эндрю Макконнел фото-сүрөттөргө Эл аралык космос станциясында экипаж мүчөлөрүн жерге конуу жана аларды тосуп алуу мезгилдерин тарткан. Автордун сүрөттөрүндө ракеталарды асманга учуруу жана кондуруу көчмөн элдердин урпактарынын күнүмдүк жашоосуна кандай киргенин көрсөтөт. Фотосүрөтчү эмин-эркин казак талаасын көрүп таң калганын да жашырбайт. Көчмөн элдердин жашоо салты кылымдар бою сакталып, калыптанып калса да, казак салттары заманбап технология менен бирге өнүккөн, дейт ал. Эндрю Макконнеллдин айтымында, ал өзүнүн эмгектеринде адамзат тарыхын көрсөтүүнү көксөгөн.

ЭНДРЮ МАККОННЕЛЛ, ФОТОСҮРӨТЧҮ:

- Байкоңурдагы космонавттардын жерге конгону тууралуу көп уктум, ошондуктан мен Казакстанга барып, казак талаасын көргүм келди. Казакстандан сырткы аймактарда жана керек болсо Орусияда да бул жер тууралуу көп адам биле бербейт. Мен космонавттардын конгонун көрдүм. Бул таасирдүү окуя. Андай көрүнүштөрдү байкап туруп, адамдар бирге иштесе, адамзаттын жок болуп кетпешине мүмкүнчүлүк бере тургандыгы тууралуу картина элестелет. Мен аны документтештирүүнү кааладым. Мен ошондой эле, адамзат келечегинин кайсы багыттары өнүгүп бара жаткандыгы жана адамдар үчүн космостун маанилүүгү тууралуу айткым келди.

ГЕННАДИЙ ПАДАЛКА, КОСМОНАВТ:

- Мен Байкоңурду ар дайым бир жагынан – космос, космос индустриясы, кемелер, ракеталар, учуруу мезгилдерин гана көргөм. Бирок, мен күз мезгилинде жерге кондум, ошол кездеги талаа жыты, алма даамы азыркыга чейин эсимде. Ал эми бул фото-сүрөттөрдөн өзүм үчүн таптакыр өзгөчө жаңылык ачтым. Бул жерде улуттук колорит, маданият жана салттын байланышын ачык көрүүгө болот.

Фото: kosmoturizm.ru