Нью-Йоркто казакстандык «Nomad» клубу ачылды

Нью-Йоркто казакстандык «Nomad» клубу ачылды

Нью-Йорк университетинде казакстандык «Номад» клубу ачылды. Эми ушул абройлуу билим ордосунун студенттери окуу жайынан чыкпастан Казакстан менен жакындан тааныша алат.

ДАРХАН МУНАЙТБАСОВ, БОЛАШАКЧЫ, КЛУБДУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз “Номад” клубун өз өлкөсүнөн алыс жерде жүргөн казакстандык студенттер бири-бири менен алака түзүп, башка өлкөнүн жарандарына Казакстандын маданияты, салттары тууралуу айтып берүүсү үчүн түздүк. Ошондой эле, алар биздин клуб аркылуу Казакстан тууралуу билип, ал жакка саякат жасап, Улуу талаа тууралуу кененирээк маалымат ала алышат. Ушундай шарттарда биз туризмди өнүктүрүүгө да кызыктарбыз.

«Камажай» бийи бүткүл көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп таң калтырды. Бийчи кыздын музыка ыргагы менен бирге чимириле бийлиген кыймылы чогулгандардын кызыгуусун пайда кылды. Ал эми казактын домбрасы музыкалык атмосфераны болушунча шаңга бөлөдү. Кеченин коноктору жаңы музыкалык аспап менен жакындан тааныша алышты. Иш-чарага келген казакстандык дипломаттар да клубга колдоо көрсөтүп, келечекте ушул жерде казакстандык маданиятты даңазалаган, кеңири жайылткан маанилүү кечелерди уюштурууну сунушташты.

ЖАНИБЕК АБДИРАШЕВ, КАЗАКСТАНДЫН НЬЮ-ЙОРКТОГУ БАШКЫ КОНСУЛУ:

- Борбор Азия аймагынан казакстандык студенттер Дархан жана Айнур окуучулардын тобун жыйнап ушул клубду ачты. Бул туризмди кошо алганда ар түрдүү тармактардагы карым-катнаштарды өнүктүрүүгө таасир берип жол ачат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөбүзгө болгон кызыгуу өсүп жатат. Аны менен катар, бул платформа университет инфраструктурасынын негизинде казакстандык иш-чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аны менен катар, Нью-Йорк университети «Nomad» клубуна казак тилин үйрөнүүгө кызыктар болгондорго аудитория да сунуштады. Курстарга катышам дегендердин катарында үй-бүлөсү менен бирге Борбор Азия тилин, маданиятын үйрөнөм деген америкалыктар да бар.

ГАБРИЕЛ МЕНДЕС,  ВЕНЕСУЭЛАЛЫК СТУДЕНТ:

- Мен Венесуэладан болом. Мен үчүн укмуштуудай өлкөнү ачкан казакстандыктарга чын жүрөктөн ыраазычылыгымды айткым келет. Ушул убакытка чейин маданият жана салттарыңар тууралуу бир аз билчүмүн. Биз биригип бирге болушубуз керек деп эсептейм.

ФИЛ ОПАОЛА, СТУДЕНТ:

- «Номад» клубунун ачылышы эң сонун өттү. Казак маданиятынын ар түрдүү жактарын көрүп, казакстандыктар өз өлкөсү менен сыймыктанарына көзүм жетти.

НОМУНБИЛЕГ СУХБОЛД, МОҢГОЛИЯЛЫК СТУДЕНТ:

- Бул абдан кызыктуу иш-чара, Казакстан жана анын маданияты, улуттук тамактары тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Келечекте ушундай казак кечелери тез-тез өтүп турса деген тилектебиз.

«Номад» клубунун ачылышы жаштар жылы менен дал келди. Американын эң ири шаарында билим алып жүргөн казак жаштары эми ушул борборду өнүктүрүүгө өз салымын кошушат.

Фото: 24.kz